БЕКЖАН СУПАНАЛИЕВ ШКУга МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИНИН КЕҢЕШМЕСИНЕ КАТЫШУУДА

  • 19.04.2024
  • 0

18-апрелде министрдин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев Россия Федерациясынын Москва шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин билим берүү министрлеринин VIII кеңешмесине катышууда.

БЕКЖАН СУПАНАЛИЕВ ШКУга МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИНИН КЕҢЕШМЕСИНЕ КАТЫШУУДА

Кеңешменин ачылышында ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Нуран Ниязалиев, Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков, Россия Федерациясынын агартуу министринин орун басары Денис Грибов куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Кеңешмеге ошондой эле Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстандын министрлери катышууда.

Кеңешменин катышуучулары улуттук билим берүү системаларын модернизациялоо, 2024-2026-жылдарга кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары жана ШКУ университетин уюштуруу жана иштетүү жөнүндө макулдашууну бекитүү маселелерин карашат.

Бөлүшүү

Комментарийлер