БЕКИТАЙ МЕКТЕБИНДЕГИ СПОРТ ЗАЛДЫ ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВ БАРЫП АЧТЫ

  • 26.07.2018
  • 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Жайыл районундагы сапарынын жүрүшүндө Бекитай айылындагы Молдосанов атындагы орто мектептин спорт залын ачуу салтанатына катышты.

БЕКИТАЙ МЕКТЕБИНДЕГИ СПОРТ ЗАЛДЫ ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВ БАРЫП АЧТЫ

 

БЕКИТАЙ МЕКТЕБИНДЕГИ СПОРТ ЗАЛДЫ ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВ БАРЫП АЧТЫ

БЕКИТАЙ МЕКТЕБИНДЕГИ СПОРТ ЗАЛДЫ ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВ БАРЫП АЧТЫ

Мамлекет башчы жергиликтүү эл менен жолугушууда региондорго карата мамлекеттик саясатты өзгөртүү мезгили келгенин, ошондуктан өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө көп көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

«Мамлекеттик саясатта жана күндөлүк турмушубузда регион, айыл деген түшүнүктөр активдүү пайдаланылышы керек. Элет — биздин генофондубуз, үрп-адаттарыбыз жана каада-салттарыбыз, тарыхыбыз. Элеттин өнүккөнү — өлкөнүн өнүккөнү», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Спорттук залдын ачылышында Сооронбай Жээнбеков айылдыктар жана мектептин жамааты менен бирге бүгүн ушул кубанычты тең бөлүшүп жатканына ыраазы экенин айтты.

Мамлекет башчысы ушул спортзалдан мыкты спортчулар тарбияланып, машыксын жана келечекте атактуу балбан Кожомкулдан кем калбаган азаматтар чыксын деген каалоосун билдирди.

БЕКИТАЙ МЕКТЕБИНДЕГИ СПОРТ ЗАЛДЫ ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВ БАРЫП АЧТЫ

 

БЕКИТАЙ МЕКТЕБИНДЕГИ СПОРТ ЗАЛДЫ ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВ БАРЫП АЧТЫ

 

БЕКИТАЙ МЕКТЕБИНДЕГИ СПОРТ ЗАЛДЫ ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВ БАРЫП АЧТЫ

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков спортзалды көрүп чыкты жана мектеп директору Айна Абдыкуловага тастыктама  тапшырды.

Спортзалдын курулушу 2016-жылы башталган, жалпы баасы 14850,8 миң сом. Спортзалдан башка анда күрөш залы, душ жана машыктыруучулар үчүн бөлмө бар.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер