ББИМ 2 КҮНДҮК ОКУТУУ СЕМИНАРЫН ӨТКӨРӨТ

  • 22.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Аккредитация — сапаттуу билимдин кепилдиги” темасында 2 күндүк окутуу семинарын өткөрөт.

Семинарга катышып, сертификат алган эксперттер 5 жыл ичинде аккредитациялоо иштерине чакырылат.

Семинарга катышуу үчүн ыйгарым укуктуу органга эксперт катары өзүнүн ыйгарым укуктарын белгилөө жөнүндө арыз менен төмөнкү документтерди тиркеп, кайрылуу керек:

  • Адамды күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү;
  • Алган билими жана квалификациясы тууралуу документтин көчүрмөсү;
  • Резюме

Талапкерлердин документтери эксперттерди тандоо жана сертификациялоо комиссиясы тарабынан электрондук форматта кабыл алынат.

Резюме төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

а) толук аты-жөнү;

б) адамды күбөлөндүргөн документтин реквизиттери;

в) байланыш маалымат (жайгашкан жеринин дареги, телефон жана WhatsApp номери, электрондук дареги);

г) билими, билим берүү уюмунун аталышы, адистиги/даярдоонун багыты, квалификациясы;

д) иштеген жери (толук аталышы жана дареги), ээлеген кызматы;

е) билим берүү тармагындагы стажы;

ж) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.

Арызды 2020-жылдын 28-октябрына чейин [email protected] электрондук дарегине мамлекеттик жана расмий тилде жөнөтүү керек.

Эскертүү: Бардык документтер толугу менен тапшырылып, PDF форматында сканерден өткөрүлүшү керек.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер