БАТКЕНДЕ 364 ТУРАК ЖАЙ ЖАБЫРКАДЫ

  • 20.09.2022
  • 0

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-17-сентябрь күндөрү куралдуу кагылышууда Баткен облусунда талкаланган турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелердин санын тактоону улантууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Ырысбек Жолдошбаев билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү чек арага жакын жайгашкан айылдардагы кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон обьектилер түп орду менен түрттүрүп, жаңыдан куруларын билдирди.

— Алдын-ала эсептөөлөр боюнча Тажикстандын агрессиялык аракеттеринин кесепетинен чек ара боюндагы аймактарда жайгашкан 364 турак үй, 168 чарба курулуштары жана башка социалдык административдик имараттар жабыркаган. Бирок бул болжолдуу түрдө алынган маалымат болгондуктан, жабыркаган обьектилердин саны дагы өзгөрүшү мүмкүн – дейт ӨКМ өкүлү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуудан Кыргызстанда 59 адам каза болуп, 183 адам түрдүү жаракат алган. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланган.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер