БАТКЕН: ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНДӨ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛАТ

  • 13.07.2026
  • 0

Кадамжай шаарындагы «Аленушка» балдар бакчасынын курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга даяр абалга келтирилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мектепке чейинки билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын алкагында курулду. Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан Аймактык экономикалык өнүгүү долбоорунун (ПРЭР-2) негизинде жүргүзүлүп, анын жалпы наркы 69 миллион сомду түздү.БАТКЕН: ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНДӨ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛАТЭки кабаттуу жаңы бала бакча 90 орунга ылайыкташтырылган. Мында балдардын сапаттуу билим жана тарбия алуусу үчүн бардык заманбап шарттар түзүлдү. Имарат окуу, оюн жана уктоочу бөлмөлөр, заманбап ашкана, санитардык түйүндөр, ошондой эле жылытуу жана башка керектүү инженердик тутумдар менен толук камсыздалган.

Учурда объектти расмий ачууга акыркы даярдык иштери жүрүп жатат. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев курулуштун даярдыгы менен жеринен таанышып, тиешелүү мекемелерге уюштуруу иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды. Бала бакчаны 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер