БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТУТУМУ 80 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕЙТ

  • 16.11.2022
  • 0

БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТУТУМУ 80 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕЙТ

18-ноябрда Бишкекте башталгыч кесиптик билим берүү тутумунун 80 жылдыгы белгиленет.

Салтанат “Кыргызстандагы башталгыч кесиптик билим берүү системасы: жаңы чакырыктар жана жаңы горизонттор” деген аталыштагы илимий конференция менен коштолот. Анда башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүнүн жаңы милдеттери жана горизонттору талкууланып, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, бирдиктүү өнүгүү траекториясын түзүү үчүн инновациялык билимдерди, технологияларды алмашуу, инновацияларды киргизүү боюнча сунуштар айтылат.

Иш-чарада бир катар сыйлыктар тапшырылып, “Мыкты лицей” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер