БАЛДАРГА КАРАТА ЫРАЙЫМСЫЗДЫКТЫ ЖАНА ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА НУСКАМА-УСУЛДУК КАТ

  • 04.03.2021
  • 0

Окуучунун билим берүү уюмунда (чөйрөсүндө) өткөргөн убактысы коопсуз жана жагымдуу мүнөздө болуп, анын инсандык сапаттарынын ар тараптуу өнүгүсүүнө багытталышы керек.

Окуучуларга карата тарбиялоонун зомбулукту камтыган ыкмаларын колдонууга тыюу салынат (кыйкыруу, урушуу, опузалоо, уруп-согуу).

Билим берүү процесси мыйзамдуулук, демократия, баланын кызыкчылыктарын камсыздоо принциптерине таянышы керек. Ошол эле учурда кайсы бир ажырым белгиси боюнча кодулоого жол бербөө (дискриминация), коомдун тең укуктуу өкүлү катары баланын укуктарын жана эркиндигин сыйлоо жана камсыздоо, зомбулуктун бардык формаларынан баланы коргоо, баланын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбоо, балага залака тийгизбөө сыяктуу талаптар камтылышы керек.

Окуучунун сабакка кечигүүсү, мектеп формасын кийбей келүүсү, окуучуну сабакка киргизбей коюуга негиз болбош керек.

Окуучуну сабактан чыгарып салууга тыюу салынат.

Балдарга карата зомбулуктун алгачкы тынчсыздандыруучу белгилерин аныктоо максатында коомдук маанидеги жерлерге дароо маалымдоо үчүн тиешелүү кызматтардын байланыш телефондору жөнүндөгү маалыматтар “Ишеним телефону 111” мектептин фойэсине же башка көрүнүктүү жерлерге жайгаштырылышы керек.

Берилген   Эрежелер   менен,  билим   берүү   процессинин   бардык катышуучуларын,  окуу  жайдын  кызматкерлерин  класстык  сааттарда,  ата-энелер чогулуштарында,   педагогикалык   Кеңештерде,   эмгек   жамааттын   жалпы чогулушунда  кабардар  кылып,  маалымдаш  керек.  Ошондуктан  Эрежелер окуу  жайдын жалпыга  көрүнүктүү жеринде  илинип  туруусу  керек.

Нускама-усулдук каттын толук тексти КР ББИМдин сайтында жайгаштырылды. Аны менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз: https://edu.gov.kg/kg/schools/school-books/

 

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер