БАЛДАРДЫН УКУГУН КОРГОО БОЮНЧА КЕРЕГЕ КЕҢЕШ

  • 24.04.2019
  • 0

23-апрелде ОО “Балдарды Коргоо Борборунун”, БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен “Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда өспүрүм кыздар-балдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында тегерек стол өткөрүлдү.

Долбоор максаты өспүрүм балдар-кыздар аныктаган жаңы конуштардагы көйгөйлөрдү чагылдырган сүрөт көргөзмөмүн уюштуруу, жарандык уюмдардын, шаар бийликтеринин, ата-энелердин, массалык маалымат каражаттарынын жана жаштардын катышуусу менен ал көйгөйлөрдү талкууга алуу, айрыкча кыздарга тиешелүү көйгөйлөрдү, кесиптик билим алуу, мүмкүнчүлүктөрүнүн жана укуктарынын сакталышы боюнча талкуулоо жүргүзүү жана чечеимдерди кабыл алуу болуп саналат.

Иш-чарага долбоордун алкагында иштеген №43, 78, 96, 54, 21 жана 86 мектептердин директорлору, мектеп парламенттеринин мүчөлөрү, Бишкек шаардык мектептеринин мектеп парламентинин мүчөлөрү, шаардык лидерлер комитетинин,  ата-энелер комитетинин мүчөлөрү, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер