БАЛА БАКЧАЛАРДЫН САНЫН КӨБӨЙТҮҮГӨ БАСЫМ ЖАСАЛАТ

  • 12.01.2023
  • 0

Мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымованын маалыматы боюнча быйыл бала бакчаларды көбөйтүү багытында өкмөттүк деңгээлде иштер жүргүзүлмөкчү.

БАЛА БАКЧАЛАРДЫН САНЫН КӨБӨЙТҮҮГӨ БАСЫМ ЖАСАЛАТ

Маалыматка ылайык, бала бакчалардын санын көбөйтүү үчүн мамлекеттик-өнөктөштүк кызматташууну жайылтуу, менчик бала бакчаларды ачууда лицензия алууну жөнөкөйлөштүрүү ж.б. жолдору каралууда. Буга коомчулук, ата-энелер да өнөктөш болууга тийиш. Алсак, ата-энелер балдардын тамак-ашын каржылоону өз колуна алуу менен, мамлекет бөлүп берген каражаттарды окутуу иштерине жумшоого шарт түзүп бере алат. Ал эми жеке менчик бала бакчаларды ачуу үчүн лиценция алуу процесси жеңилдетилсе, компетенттүү адамдарга чакан тайпалуу жеке менчик бала бакчаларын ачууга көбүрөөк мүмкүндүк түзүлмөк.

Нурзида Касымованын айтымында, мындай мүмкүнчүлүккө пенсиялык курактагы педагогдор да ээ болуп, чакан топторду ачып иштетсе болот.

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер