Бала бакчалар кыргызчаланат

  • 26.03.2024
  • 0

Мектепке чейинки билим берүү мамлекеттик тилге этап-этабы менен өтөт. Бул тууралуу билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди туруктуу өнүктүрүү боюнча чечкиндүү позициясы бар.

«Мектепке чейинки билим берүүнү мамлекеттик тилге өткөрүүнү этап-этабы менен жүргүзөбүз. Быйыл сентябрда кабыл алуунун 50% мамлекеттик тилде, 50% расмий тилде болот. Ар бир адам бардык тармакта ийгиликтүү иш алып баруу үчүн мамлекеттик тилди билүүсү шарт. Германияда, демократиялуу өлкө деген Америкада деле мамлекеттик тилди билиши керек деген талап бар. Мында биз тилди окутууну жөнөкөйлөтүп, тилдик компетенцияны калыптандырган усулдарды жайылтууга басым жасайбыз”, – деди министр.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 17-июлунда өлкө президенти Садыр Жапаров  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамга кол койгон. Анын негизинде жаңы окуу жылынан тартып бардык мектептерде биринчи класска кабыл алууда кыргыз тилиндеги класстардын саны 60 пайызга жеткирилет.

Эльвира Какиева

Бөлүшүү

Комментарийлер