БАЛА БАКЧА АЧКАН ИШКЕРЛЕР САЛЫК ТӨЛӨБӨЙТ

  • 14.06.2023
  • 0

Мамлекеттик салык кызматы үй тибинде бала бакча ачкан жеке ишкерлердин салык төлөө тартибин өзгөрттү.

Ага ылайык, мындай категориядагы ишкерлер нөлдүк ставка менен бирдиктүү салык төлөөчү катары каттоодон өтө алышат. Ошондой эле Салык кодексинин 423-беренесинин 8-бөлүгүнүн шарттарын сактоо менен бирдиктүү салык төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча отчёт тапшыруудан бошотулат. Иш берүүчү өзүнө камсыздандыруу полисин, ал эми кызматкерлерине электрондук патент жана полис сатып алат.

БАЛА БАКЧА АЧКАН ИШКЕРЛЕР САЛЫК ТӨЛӨБӨЙТ

Андан тышкары, киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчёт берүүдөн бошотулат. Ошол эле учурда алар жыл сайын 1-апрелге чейин салык декларациясын электрондук түрдө тапшырууга тийиш.

Жогоруда аталган токтом менен жеке эмгек иши үчүн патенттин негизиндеги иштин түрлөрү жаңы иштин түрү менен толукталды.

Эми жеке ишкердин бала бакчасында эмгек өтөгөндөр (тарбиячы, бала багуучу, ашпозчу, педагог) патенттин негизинде иштейт. Алар электрондук патентти «жеке салык кабинети» аркылуу сатып ала алышат.

Эскерте кетсек, Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы токтому менен жеке ишкерлерге өз үйүнө бала бакча ачуусуна уруксат берилген. Учурда «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында пилоттук районго кирген Бишкек шаарынын Биринчи-Май жана Ленин районунун тургундары үй тибиндеги жеке бала бакча ачуу үчүн үч күндүк окуудан өтүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жума сайын 20-25 адамдан турган төрт топ окутулууда. Анда ишкерлер үй тибинде түзүлгөн бала бакчалардагы санитардык жана өрт коопсуздугуна коюлган жөнөкөйлөштүрүлгөн талаптар боюнча тиешелүү билимге ээ болмокчу.

Программа ушул жылдын март айында башталган.

А.КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер