БАКМКТЫН ОКУТУУЧУСУ ЖАНА СТУДЕНТИ «МУЛЬТИКОМФОРТ ОТ «СЕН-ГОБЕН» -2020» ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫНА КАТЫШЫШТЫ

  • 03.12.2020
  • 0

Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинин окутуучусу Айгүл Кожокулова жана анын студенти Асылбек Молдоканов онлайн форматта өткөрүлгөн «Мультикомфорт от «Сен-Гобен» -2020» эл аралык сынагына катышышты.

Сынак 15 жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет, катышууга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн архитектура, долбоорлоо жана жарандык курулушту өздөштүрүүчү студенттер чакырылат.

Аталган сынактын негизги максаты – туруктуу өнүгүү концепциясын сактоо жана ар кандай шаардык райондорду эстетикалык жана экологиялык мейкиндикке өзгөртүү.
Быйылкы жылы Париждин чет жагындагы Сен-Дени аймагы үчүн долбоорду иштеп чыгуу сунушталган.
Калыстар тобунун мүчөлөрү Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинин ишин белгилешти.

Бөлүшүү

Комментарийлер