БААТЫРДЫН МЕКТЕБИНДЕ НОУТБУК АЛГАН МУГАЛИМДЕРДИН КУБАНЫЧЫ

  • 09.09.2025
  • 0
Ак-Суу районундагы академик Мамакеев атындагы мектептин англис тили мугалимдерине жаңы ноутбуктар тапшырылды.
БААТЫРДЫН МЕКТЕБИНДЕ НОУТБУК АЛГАН МУГАЛИМДЕРДИН КУБАНЫЧЫ
Бул белек – мугалимдерибиздин кесиптик ишмердигин өркүндөтүп, англис тилин окутууда заманбап ыкмаларды жана санариптик ресурстарды колдонууга кеңири мүмкүнчүлүк берет.
Ноутбуктар – билим берүүнүн сапатын жогорулатуучу, окуучулардын тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруучу ишенимдүү курал.
Агартуу министрлиги жаңы окуу жылында жалпысынан 27 031 даана ноутбук аймактарга жеткирилгенин кабарлаган, алардын көпчүлүгү жер-жерлерде өткөн педагогикалык кеңешмелерде мугалимдерге тапшырылган. Азыр бардык мектептерге жеткирилип, мугалимдердин колу узарып, заманбап технологиялар менен сабак өтүүгө белсенип турган чагы.
Кыргызстандын өзүндө чогултулган «Алтын Казык» ноутбуктары үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер тарабынан сыноодон өткөрүлүп, сыноо учурунда аныкталган кемчиликтер толугу менен жоюлганын кабарлаганбыз.
«Алтын казык» ноутбуктарынын өзгөчөлүгү – алардын атайын лицензияланган программасы бар, ал өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган. Ноутбуктардын ичинде мугалимдердин күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган.
Бурулкан Кенжебекова, «Кут Билим»
Бөлүшүү

Комментарийлер