БААТЫРЛАРДЫ ДАҢКТАГАН “ЖООКЕР ЫРЫ” СЫНАГЫ

  • 08.04.2024
  • 0

Чүй облустук жалпы билим берүү мекемелеринин мектеп окуучулары Улуу Жеңишти утурлай жыл сайын өткөрүлүп келаткан “Жоокер ыры” патриоттук ырлар сынагында согуш жылдарындагы ырларды жогорку чеберчиликте аткарышты.

Сынакка Чүй облусунун аймактык турунда алдыга озуп, райондун намысы үчүн ат салышып келген мыкты аткаруучулар “Патриоттук ыр”, “Согуш жылдарындагы ырлар” жана “Көркөм окуу” номинацияларында өз чеберчилигин дагы бир жолу тастыктады.

Менимче, патриоттук ырларды “Катюшасыз” элестетүү мүмкүн эмес болсо керек, Токмок шаарынан келген №3 орто мектебинин 10-классынын окуучусу Дүйшөналиева Аделина “Катюша” ыры менен сынакты ачып берди.

БААТЫРЛАРДЫ ДАҢКТАГАН “ЖООКЕР ЫРЫ” СЫНАГЫ

Калыстар тобунун төрайымы Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Кундуз Абдраева бул иш-чаранын түпкү максаты – балдардын патриоттук духун ойготуу, Мекенге кызмат өтөө сезимин калыптандыруу экенин белгиледи.

БААТЫРЛАРДЫ ДАҢКТАГАН “ЖООКЕР ЫРЫ” СЫНАГЫ

— Бүгүнкү сынак райондук, облустук жана республикалык деңгээлде жыл сайын ушул мезгилде уюштурулуп келаткан иш-чараларыбыздын бири. Аталышы эле айтып тургандай, балдардын патриоттуулук духун көтөрүп, мекенге кызмат өтөө милдетин калыптандыруу максатын көздөйт. Бүгүнкү жеңүүчүлөрүбүзгө алдыда өтө турган республикалык сынакта облустун намысын коргоого жолдомо беребиз, андыктан татыктуунун татыктуусун тандоого аракеттендик, — деди ал.

БААТЫРЛАРДЫ ДАҢКТАГАН “ЖООКЕР ЫРЫ” СЫНАГЫ

Жаштарды адеп-ахлактуулукка, аскердик атуулдукка, Ата мекенин сүйүүгө үндөгөн, тарбиялаган бул албетте – патриоттук ырлар, аны согуш жылдарында жаралган ырларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Ошондон болсо керек, уюштуруучулар Улуу ата мекендик согуш маалындагы ырлар кан майданда Мекен үчүн жан аябай салгылашкан жоокерлерибизге дем-күч берип, жеңишке жетелеген чыныгы жоокерлердин ырларына басым жасаган.

БААТЫРЛАРДЫ ДАҢКТАГАН “ЖООКЕР ЫРЫ” СЫНАГЫ

Катышуучулар аткарган музыкалык номерлерине жараша кийинип, баатыр бабаларыбыздын эрдигин даңазалаган ырларды ийнине жеткире аткаруу үчүн тарых барактарын казып окуп, мыкты даярданып келгенин далилдешти.

БААТЫРЛАРДЫ ДАҢКТАГАН “ЖООКЕР ЫРЫ” СЫНАГЫ

Айрыкча, мекендеш акын-жазуучуларыбыздын Улуу ата мекендик согуштагы кыргызстандык баатырлардын эрдиктерин даңазалаган чыгармаларына басып жасаган Аламүдүн районунун Озерное айылындагы Т.Жайылов атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Алтымышев Эмин жана 9-класстын окуучусу Адилов Баямандын баатыр жердешибиз Дайыр Асанов жана Самат Садыковдун жаркын элесине арналган чакан сценировкасын көргөн көрүүчүлөр көздөрүнө жаш алды. Мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, “Жаш талант” ийриминин жетекчиси Алтынай Абдраимованын айтымында, алар реалдуу турмушта жашаган СССР Баатырларынын өлбөс-өчпөс образын жаратууга бар күчүн жумшаган. Баарынан таасирдүүсү, балдар пулеметту өз колдору менен жасап алып келишкени болду.

БААТЫРЛАРДЫ ДАҢКТАГАН “ЖООКЕР ЫРЫ” СЫНАГЫ

Даңазалуу баатыр бабабыз Дайыр Асановдун образын жараткан Эмин Алтымышов “Көркөм окуу” номинациясында байгелүү экинчи орунду ээледи.

Сокулук району боюнча сынакта алдыга озуп чыгып, райондун намысын коргоого келген Аксаамай Байкасыева баатыр бабабыз Шопоковдун ысымын алып жүргөн шаардагы №1 мектепте 10-класста окуйт. Мектебинин активдүү солисти Аксаамай 5-класстан бери эле эл алдына чыгып ырдап жүрөт. Кичинесинен ырчы болууну кыялданган кыз ырчылык өнөрү апамдан өтсө керек дейт. Табият тартуулаган өнөрүн минтип мектебинде эле эмес, райондо тартуулап кол чабууларга арзып олтурат.

БААТЫРЛАРДЫ ДАҢКТАГАН “ЖООКЕР ЫРЫ” СЫНАГЫ

Калыстар тобунун чечими менен Аксаамайдын аткаруучулук чеберчилиги жогору бааланып “Согуш жылдарындагы ырлар” номинациясында биринчи орунга жетишти.

Сынактын дагы бир катышуучусу Айдаралиев Шабдан ушул эле Сокулук районундагы Орок орто мектебинде 9-классты аяктоо алдында турат. Ал “Патриоттук ырлар” номинациясы боюнча катышып, экинчи байгелүү орунга ээ болду. Мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Фарида Жунусбековна Бейшенбаеванын айтымында, Шабдан 3-класстан бери ырдайт. 2020-жылы Бишкекте өткөн “Балачак” эл аралык сынагында Гран-Прини жеңип алган. Андан тышкары академиялык вокал боюнча жана башка да көптөгөн сынактарга катышып, өз чеберчилигин сынап жүрөт.

БААТЫРЛАРДЫ ДАҢКТАГАН “ЖООКЕР ЫРЫ” СЫНАГЫ

“Жоокер ыры” сынагында “Бишкегим” деген ырды жогорку деңгээлде аткарган Шабдан келечекте Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан билим алып ырчылык өнөрдү уланткысы келет. Бир куплет ыр ырдап эртең менен “Интернет жылдызы” болуп ойгонгон курбалдаштарынан айырмаланып ал соцтармактарга чыкканды көп жактыра бербейт, андан көрө ички даярдыгына басым жасап, билим-тажрыйба топтогусу келет.

“Патриоттук ыр” номинациясында 1-орунду Панфилов районундагы М.Тилекеев атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Азамат Разаков ээледи.

“Көркөм окуу” номинациясында биринчи байгелүү орун Сокулук районундагы М.Асанканова атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу Элина Асековага ыйгарылды. Ал Сооронбай Жусуевдин “Алакан” ырын чеберчилик менен аткарып, көрүүчүлөрдүн да, калыстар тобунун да “жүрөгүн жибитти».

БААТЫРЛАРДЫ ДАҢКТАГАН “ЖООКЕР ЫРЫ” СЫНАГЫ

Сокулук райондук аскер комиссариатынын, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн адистеринин жана Шопоков шаарындагы №2 мектептин чыгармачыл жана ынтымактуу жамаатынын уюштуруусунда өткөн “Жоокер ыры” сынагына активдүү катышкандарга жана 1-2-3-орундарды ээлегендерге Ардак грамоталар жана атайын белектер тапшырылды.

Калыстар тобунун мүчөсү, Сокулук районундагы Орозбек Кутманалиев атындагы маданият үйүнүн көркөм жетекчиси Мирлан Момуналиев айткандай, “Жоокер ыры” сынагына жөнөкөй балдар келген жок. Ал чечим чыгаруу учурунда калыстардын бирдей добушуна ээ болуп калган кээ бир катышуучуларды кайра дагы бир жолу чакырып, сынактан өткөрүүгө туура келгенин, бардык күч-аракет алдыда өтө турган республикалык турда Чүй облусунун туусун желбирете турган татыктуу талапкерди калыс тандоого жумшалганын баса белгиледи.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер