БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮ КМУДА

  • 24.04.2023
  • 0

23 — апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата «Китеп ааламга жанган өчпөс чырак» аттуу иш-чара болуп өттү.

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮ КМУДА

Иш-чарада ректор  Айгүл  Абдраева болочок педагог-студенттерге кайрылып, окуу жай ысымын алып жүргөн улуу педагог, окумуштуу, коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин «Алиппе» китеби элдин сабатсыздыгын жоюуда чоң салым кошкондугун сыймыктануу менен баса белгилеп, билим берүүдө китептин ролу чоң жана маанилүү экендигин, китеп студенттин  кеңешчисине, жакын досуна айлануусу керектигин айтты.

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮ КМУДА

Иш-чаранын алкагында университеттин Илимий китепканасынын демилгеси менен «Бир мугалимден — бир китеп» деген акция өткөрүлдү. Ага университеттин профессордук-окутуучулар курамы, окумуштуулары активдүү катышып, өздүк китепканаларында топтолгон китептер менен катар, өздөрү жазган автордук окуу китептерди, окуу методикалык куралдарды тапшырышты.

Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен аяктады.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер