БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ ЖЫЙЫНТЫК БААЛАР КОЮЛДУ

  • 17.06.2020
  • 0

Кара-Көл шаарында быйыл 9-класстарды 417 окуучу, ал эми 11-класстарды 191 улан-кыз аяктап жатышат.

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ ЖЫЙЫНТЫК БААЛАР КОЮЛДУ

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, энергетиктер шаарчасында 9-11-класстар үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин зор уюшкандыкта өттү.

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ ЖЫЙЫНТЫК БААЛАР КОЮЛДУ

— Экинчи июнда 9-класстарга алгебрадан, 11-класстарга кыргыз тили жана адабиятынан,  бешинчи июнда 9-класстарга кыргыз тили жана адабиятынан, 11-класстарга алгебрадан жыйынтык баалар коюлду, -дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева.

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ ЖЫЙЫНТЫК БААЛАР КОЮЛДУ

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан түзүлгөн план-графикке ылайык өткөрүлгөнүн кабарлай кетели.
А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер