АЗ ЖАШАП, САЗ ЖАЗГАН АКЫН

  • 02.05.2021
  • 0

Ушундай аталыштагы Зайырбек Ажыматовго арналган эскерүү кечеси Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектебинде болуп өттү.

АЗ ЖАШАП, САЗ ЖАЗГАН АКЫН

Аксынын кулуну, журналист, акын Зайырбек Ажыматовду эскерүү кечесине журналист акын А.Калбаев, акындын жакын туугандары, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан, райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр жана Кербен шаарындагы мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты. Кечеде акындын өмүрү жана чыгармалары, басып өткөн жолу тууралуу кеңири сөз болду.

АЗ ЖАШАП, САЗ ЖАЗГАН АКЫН

Окуучулар жана мугалимдер акындын ырларынан көркөм окушту, залкардын сөзүнө жазылган обондуу ырлар аткарылды. Эскерүү кечесинин жүрүшүндө акындын жакындарына сөз берилип, анын балалык чагы да эскерилди.

Узен Атаханов, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер