АЙЫЛДЫКТАР ЭМИ МАДАНИЙ ЭС АЛУУ ЖАЙЫНДА ЭС АЛЫШАТ

  • 03.06.2021
  • 0

Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылында тургундар үчүн “Кален бак” маданий эс алуу жайын ачуу аракеттери башталды. Бул тууралуу аталган аймактын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенова билдирди.

— Жай мезгилинде баары эле жаратылышка чыгып эс алганды жакшы көрүшөт эмеспи, бирок, ал эс алуулардан кийин ал жерлер таштандыларга басылып калат. Таштанды жыйноо кызматы же ишкана болбогондон кийин, бул дайыма көйгөй жаратып келген. Бул маселени чечүүнү Жерге-Тал айылынын ардактуу атуулу, “Каармандык” медалынын ээси, КР Билим берүүсүнүн мыктысы, Ооган согушунун ардагери Мамбеткалый Артыков колго алып, айылдаштары аны жапа тырмак колдошту, — ” дейт.

АЙЫЛДЫКТАР ЭМИ МАДАНИЙ ЭС АЛУУ ЖАЙЫНДА ЭС АЛЫШАТ

Мамбеткалый Артыков өз каражатына аянттын айланасын тосуп, карагай , арча, мырза терек, мажүрүм талдардын көчөттөрүн отургузду. Эми айылдыктар аталган эс алуу сейил багында эс алып гана тим болбостон, ошол жерде айылдагы маанилүү иш-чаралардын баарын өткөрүп турушмакчы. Анын алгачкысы быйыл мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн «Акыркы коңгуроо» салтанаты болду.

АЙЫЛДЫКТАР ЭМИ МАДАНИЙ ЭС АЛУУ ЖАЙЫНДА ЭС АЛЫШАТ

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер