АЙЫЛДАН БАШТАЛГАН БИЛИМ ДҮЙНӨНҮН АЛДЫҢКЫ УНИВЕРСИТЕТИ КЕМБРИДЖДЕ УЛАНАТ
- 26.06.2025
- 0
Билим жана аракет менен белгилүү Кембридж университетине окууга Кыргызстандан жалгыз кабыл алынган атбашылык Нурлан Ногойбаевди облус башчысынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу кабыл алып, билимге болгон аракети, жараткан ийгиликтери жана алдыга койгон максаттары жаштарга, келечек муунга шык берип жатканын баса белгилөө менен Ыраазычылык катын тапшырып, алдыдагы билим алуу сапарына ийгилик каалады. Ошондой эле ири сумма болбосо дагы акча каражатынан колдоо көрсөтүү максатында 30 миң сом бөлүп берерин айтты.
Ошондой эле, ал келечекте жогорку билимди алып өз өлкөсүнө кызмат кылууга чакырды. Өзгөчө анын алган кесиби эң керектүү жана маанилүү экенин айтты.
Нурлан Ногойбаев ар бир колдоо, жакшы каалоо-тилек жана ага чоң шык болорун айтып, облус жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди. Өз сөзүндө ал анын кесибине учурда биздин өлкөдө жакшы маани берилбей жатканын айтты.
Нурлан Ногойбаев Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматалы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, «Алтын тамга» алган. Мындан төрт жыл мурда БАУнун Нарын кампусун Компьютердик илимдер багытын аяктаган. Андан соң Нарын шаарындагы Борбордун Азия университетин окуп бүтүргөн. Андан соң Франциянын эң ири университеттеринин биринде санариптик технологиялар боюнча магистр даражасын алган.
2024-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын конкурсунда жеңишке жетип, Силикон өрөөнүнө барууга мүмкүнчүлүк алды жана Кыргызстандан онлайн катышкан жалгыз катышуучу болду. Учурда Нурлан дүйнөдөгү эң мыкты окуу жайлардын бири – Кембридж университетинде Technology Policy программасы боюнча билим алууга даярданып жатат, ал технологияларды, экономиканы жана жөнгө салууну айкалыштырып, туруктуу чечимдерди глобалдык деңгээлде реалдуу авиациялык саясатка киргизүүнү көздөйт.
Ал бул окуу жайга тапшырган 30 абитуриенттин ичинде Орто Азия боюнча жалгыз талапкер.
Учурда Нурлан Парижде аэрокосмикалык тармакта иштеп, авиаучуулар бөлүп чыгарган зыяндуу заттарды азайтуу боюнча климаттык оптимизацияланган маршруттарды иштеп чыгууда.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер