АЙТМАТОВДУН 100 ЖЫЛДЫГЫ: №181 «БАЛАСТАН» БАЛА БАКЧАСЫНДА КЕЧЕ ӨТТҮ
- 26.11.2026
- 0
25-ноябрда Бишкек шаарындагы №181 «Баластан» мектепке чейинки билим берүү уюмунда улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин белгилөөгө даярдыктын алкагында «Айтматов — кылымдын залкар жазуучусу» аттуу адабий-музыкалык театрлаштырылган композиция өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жана райондук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү, борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана тарбиячылары катышты. 
Салтанаттын жүрүшүндө тарбиялануучулар «Көчмөндөр» аттуу улуттук бийди аткарып, жазуучунун дүйнөлүк адабияттын алтын казынасына кирген чыгармаларынын негизинде даярдалган театрлаштырылган көрсөтүүлөрдү тартуулашты. Атап айтканда, «Саманчынын жолу», «Солдатенок», «Кызыл алма», «Ак кеме», «Биринчи мугалим», «Кылым карытар бир күн», «Эрте келген турналар» жана «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармаларынын негизинде сахналык үзүндүлөр коюлду. Мындан тышкары, тарбиячылар «Жамийла» повестине арналган ырды аткарышты, ал эми кече «Ысык-Көл» музыкалык чыгармасы менен жыйынтыкталды. 
Иш-чаранын негизги максаты — залкар жазуучунун бай адабий мурасын өсүп келе жаткан муунга таанытуу, бөбөктөрдүн руханий дүйнөсүн байытуу, улуттук аң-сезимин калыптандыруу жана адабият аркылуу жалпы адамзаттык баалуулуктарды сиңирүү болду.
А.К., «КБ»
