Айтматовдун 100, Толстойдун 200 жылдык мааракелери өткөрүлөт
- 02.10.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына жана Лев Толстойдун 200 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин биринчи жыйынын өткөрдү. 
Жыйында 2028-жылы өтө турган мааракелик иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери талкууланды.
Арслан Койчиев белгилегендей, эки залкар жазуучунун мааракелери эл аралык маанидеги маданий окуя болуп саналат. Ал юбилейлик иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү, жооптуу министрликтердин жана комитет мүчөлөрүнүн ишин так уюштуруу зарылдыгын белгиледи. 
Мамлекеттик катчы мааракелер Чыңгыз Айтматов менен Лев Толстойдун адабий мурастарын кеңири жайылтууга, ошондой эле кыргыз-орус маданий-гуманитардык байланыштарын чыңдоого өбөлгө болорун айтты. 
Жыйындын соңунда жооптуу министрликтерге жана комитеттин мүчөлөрүнө бир айлык мөөнөттө кыргыз тараптын сунуштарын иштеп чыгып, алдыдагы иш-чаралардын планын түзүү тапшырылды.
А.К., «КБ»