АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫН ЫЙГАРУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

  • 20.10.2026

Жаш муундун интеллектуалдык, чыгармачылык жана кесиптик потенциалын колдоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул багыттагы иштерди улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун төрагалыгы алдында Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын кезезектеги жыйыны өттү. АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫН ЫЙГАРУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Жыйындын жүрүшүндө сыйлыктын лауреаттарын аныктоого байланыштуу актуалдуу маселелер каралып, конкурска сунушталган эмгектер жана өлкөбүздүн жаш жарандарынын илим, билим, чыгармачылык жана башка чөйрөлөрдөгү жетишкендиктери талкууланды. АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫН ЫЙГАРУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, вице-премьер-министр таланттуу жана демилгелүү жаштарды ар тараптан колдоо өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Комиссия мүчөлөрү сунушталган талапкерлердин кесиптик жетишкендиктерине, жараткан чыгармачыл эмгектерине жана тиешелүү тармактарды, анын ичинде илим менен билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымына өзгөчө көңүл бурушту. АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫН ЫЙГАРУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Колдонуудагы Жобого ылайык, сыйлык үч жылда бир жолу төмөнкү 11 номинация боюнча ыйгарылат:

  • Илим, билим берүү жана жаңы технологиялар жаатындагы эң мыкты эмгектер;

  • Адабият жаатындагы эң мыкты чыгарма;

  • Журналистика жана телевидение жаатындагы эң мыкты чыгарма;

  • Музыкалык искусстводогу эң мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик;

  • Сүрөт искусствосундагы эң мыкты чыгарма;

  • Шаар куруу, архитектура жана дизайн жаатындагы эң мыкты ишке ашырылган долбоорлор;

  • Театр жана цирк искусствосундагы эң мыкты чыгармалар;

  • Кино жаатындагы эң мыкты жетишкендиктер;

  • Экономика, бизнес жана меценаттык жаатындагы эң мыкты жетишкендиктер;

  • Спорт жаатындагы эң мыкты жетишкендиктер;

  • Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салым.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын өлкө жаштарынын арасында даңазалоо жана алардын эмгегин мамлекет тарабынан баалоо максатында уюштурулган бул Мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы негизделген.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү