АЙТМАТОВ АЧКАН МЕКТЕПТЕГИ АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ
- 26.05.2025
- 0
Бүгүн, 26-майда Бишкек шаарынын Ленин районундагы №68 Алыкул Осмонов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде “Акыркы коңгуроо” салтанаты уюшкандыкта өттү.
Иш-чарага Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева, Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Жыргалбек Шакиев, Ленин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери, ата-энелер катышты.
Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырды.
№68 Алыкул Осмонов атындагы орто мектебинин директору, өлкөнүн билим берүүсүнүн мыктысы Саадат Жумакунова мугалимдер жамаатын, ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү эң маанилүү жана кубанычтуу күнү менен куттуктап, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.
Ушул мектепти 1995-жылы алтын медаль менен бүтүргөн Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева окуучулук күндөрүн эстеп, бүтүрүүчүлөргө мындай деди: — Мен дагы сүйүктүү мектебимди бүтүп жаткан учурум көз алдыма тартылды. Албетте, ар бириңер ушул күндү толкундануу менен күткөнсүңөр, анткени алдыда көптөгөн жолдор ачылып, кызыктуу пландарды жана идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр жаралганы турат.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр, силерге келечектеги кесибиңерди тандоодо биринчи кадам жасоо мезгили да келип жетти. Бул абдан олуттуу кадам, ошондуктан кесипке туура багыт алып, келечекте өлкөнүн экономикасына, илим-билимине, маданиятына өз салымыңарды кошо алган кесипкөй адистерден болушуңарга тилектешмин. Мектептен алган билимиңер бекем пайдубал болуп, ийгиликке жетүү үчүн жардам берсин. Эч нерседен тайманбай, алдыга койгон максаттарыңарды ишке ашырып, дайыма билимге умтулууга үндөйт элем. Анткени дүйнө жүзүндө бүгүнкү күнү ийгиликке жетүү өмүр бою билим алуу жөндөмү менен аныкталат. Мен баарыңарга жыйынтыктоочу экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, алдыга ишенимдүү карап, ар тараптуу өсүшүңөрдү каалайм. Урматтуу бүтүрүүчүлөр, өз мектебиңерди жана чынчылдыкка, адилеттүүлүккө тарбиялап, билим берген, ошондой эле жетишкендиктериңерге чын жүрөктөн кубанган мугалимдериңерди эстен чыгарбайсыңар деп ишенем. Силерди дайыма ийгилик коштоп жүрсүн! Ак жол силерге!,-деди министрдин орун басары.
Акыркы коңгуроо салтанатына келген Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Жыргалбек Шакиев бүтүрүүчүлөргө ак жол, алдыдагы экзамендерине албан-албан ийгиликтерди каалап, туура кесип тандоо менен өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүнө салым кошууга чакырды.
Салтанаттуу иш-чара окуучулар даярдаган концерт, ыр-бийлер менен коштолду. Айрыкча салтанаттын мейманы болгон эстрада ырчысы Ильяз Андаштын атаруучундагы ырлар бүтүрүүчүлөрдүн жана катышуучулардын көңүл кушун көкөлөттү. Ошондой эле мектептин 1-классын бүтүрүп жаткан жеткинчектер мугалимдерге жана бүтүрүүчүлөргө жылуу сөздөрүн, ырларын арнады.
Салтанатта ушул күндүн каармандары — бүтүрүүчүлөр өздөрү окуган мектепке, мугалимдерге чын жүрөктөн чыккан алкыш сөздөрүн арнашып, ыраазычылыктарын билдиришти. Салт болуп калгандай эле кече “бүтүрүү вальсы” менен коштолду.
1988-жылы доорубуздун залкар, даанышман инсаны, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ак батасы менен долбоордук сыйымдуулугу 1240 окуучуга ылайыкташтырылып ачылган А. Осмонов атындагы №68 жалпы билим берүү орто мектебинде учурда 2571 окуучу окуйт. 2024-2025-окуу жылында мектепти 365 окуучу бүтүрүп жатат. Быйыл 11-класстарды 156 бүтүрүп жатса, ал эми 9-класстарды 209 окуучу бүтүп жатат. Улуттук тесттирлөөнүн жыйынтыгы менен тарых предметинен 9-класстардан жалпы 90 окуучу бошотулат. Ал эми 11-класстан дагы 132 окуучу тарых предметинен бошотулду. Бул жыйынтыктар мектептин мугалимдеринин жигердүү окутуп, таалим-тарбия бергендигинин натыйжасы.
Мектептин бүтүрүүчүлөрүнөн эл аралык конкурстан Абия Өмүрбек кызы биринчи орунду ээлесе, республикалык олимпиададан Айдана Надырбекова биринчи орунду, Нуркан Ниязалиев экиничи орунду жеңип алышкан. Мектепти мыкты баалар менен бүтүрүп жаткан Калмырза Сыртбаев түрдүү конкурстардан алдыңкы орундарды багындырган. Андан сырткары мектепти алты окуучу артыкчылык менен аяктап жатат. Жылдын мыкты мугалими-2025 кароо сынагынан райондон жана шаардан башталгыч класстын мугалими Ардак Токтоноева биринчи орунга ээ болуп, республикалык сынакка жолдомо алды. Спорттук-4 долбоордук иштеринде 2 алтын медалдын ээлери болууга жетишти. Райондук олимпиадада 6 окуучу биринчи жана экинчи орундарды камсыз кылышты.
Мектепте анлис, француз тилдер жана ийримдер окуучуларды ар тараптан өнүктүрүп келет. Манас таануу долбоорунда Бишкек шаары боюнча «Даанышман» тобу биринчи орунду жана «Мүрөк» тобу экинчи орунду алып, республикага жолдомо алышкан. Жылдын мыкты мамлекеттик кабинети шаардык конкурсунда биринчи орун алсак, Түркиянын Стамбул шаарында өткөн эл аралык конкурстан “Нур-Адеми” бий ийрими жана “Азем” комузчулар ансамбли баш байгени жеңип алышкан.
“Экобатл” долбоордук иштен 2024-жыл Гран-прини, 2025-жыл болсо биринчи орунду камсыз кылдык. Республикалык “Дельфин” долбоорунан Нуржамал Камалбекова биринчи орунду ээледи. “Алыш күрөш” ийрим жетекчиси Кадыр Келсинбеков жетектеген командабыз Индияда өткөн эл аралык турнирде биринчи орунга ээ болушту,-дейт мектеп директору Саадат Бактыгуловна.
Иш-чаранын соңунда 11-классты эң жакшы баалар менен бүтүрүп жаткан бүтүрүүчүлөр 1- класстын окуучулары менен “Акыркы конгуроо” кагып, окуган класстарына кирип, мектеби менен коштошту.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”
Комментарийлер