Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына жолдомо алды

  • 21.09.2023
  • 0
Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына жолдомо алды

WW 62kg Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ)

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, 2024-жылы Парижде боло турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды.

Тыныбекова  62 килограмм салмакта күч сынашты. Ал жарым финалда германиялык балбан Луиза Ниемешти 4:2 эсебинде утту. Ага буга чейин польшалык Анастасия Волчинсканы (8:2), 1/8 финалда молдовалык Мариана Чердивара Эсануну (4:2), чейрек финалда украиналык Ирина Коляденкону (2:2) жеңген.

Алдыда 21-сентябрда алтын байге үчүн жапониялык Сакура Мотоку менен беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Бул Олимп оюндарына алынган Кыргызстандын куржунундагы экинчи жолдомо.

Бөлүшүү

Комментарийлер