АЯЛЗАТЫ, МЕКТЕП, МУГАЛИМ ТУУРАЛУУ ЫРЛАР ОКУЛДУ

  • 03.03.2020
  • 0

2-мартта Кара-Көл шаарындагы №2 Ч.Түлөбердиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Окуучулук күндөрүм, жыты аңкыган гүлдөрүм» аттуу адабий кече өттү.

Поэзия кечесинде мектептин чыгармачыл мугалими Бегимбү Карагулова жетектеген «Көркөм айтуу» ийриминин мүчөлөрү аялзаты, мектеп, мугалим тууралуу ырларды көркөм окушту.

АЯЛЗАТЫ, МЕКТЕП, МУГАЛИМ ТУУРАЛУУ ЫРЛАР ОКУЛДУ

— Мектептин бүтүрүүчү класстарынын арасынан биздин ийримге көптөн бери активдүү катышып жүргөн окуучулар бар. Бүгүн алар ырларды көркөм окуп, ыр ырдап, бий бийлеп, өз ийрими менен коштошушту. Бүтүрүүчүлөрдү алдыда мамлекеттик экзамендер, жалпы республикалык тестирлөө күтүп турат. Аларга дыкат даярдык көрүү зарыл. Биз аларга ийгилик кааладык, -дейт чыгармачылык менен иштеген мугалим.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер