«АЯЛУУ БАЛДАРДЫ КОРГОЙЛУ”

  • 10.12.2018
  • 0

Сүлүктү шаарындагы 9 гимназияда «Аялуу балдарды коргойлу» акциясы уюштурулду.

«АЯЛУУ БАЛДАРДЫ КОРГОЙЛУ”

 Иш-чарада жогорку класстын окуучулары өз колу менен жасаган тамактарды сатып, түшкөн акчасын жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берет.

  • Бул акция аталган мектеп директору Базаргүл Рустамованын демилгеси менен көп жылдан бери декабрь айында өтүп келет. Быйыл да жогорку класстын окуучулары ар кандай тамактарды даярдап келишти. 3-сабактан кийинки 10 мүнөттүк тыныгуу учурунда даярдалган тамактар сатылып, 1 эле күндө 2350 сом түштү. Акция 1 жума бою улантылат. Топтолгон каражатты мектептин парламенти менен ата-энелер комитети биргелешип, муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына бөлүп берет, — деди иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Бермет Абдурахманова.

Физика сабагынын мугалими Бактыгүл Абдрасулованын айтымында, окуучулар даярдап келген тамак-аштарын негизинен мугалимдер эле сатып алышат.

  • Өзүнүн окуучусунун колунан жасалган тамакты жеген мугалим үчүн өтө чоң бакыт. 30га жакын мугалим орто эсеп менен 70 сомдук тамактарды сатып алабыз, — деди физика сабагынын мугалими Бактыгүл Абдрасулова.

Дагы бир мугалим Бакытбек Сапаркуловдун пикиринде, өзүнүн 6-класстагы баласы да бутерброд, сэндвич жасап келди.

  • Өзгөчө уул балдар тамак-аш жасап келгени өтө кубандырат. Анткени гимназист болгондуктан келечекте бардыгы студент болот. Алар азыр жасап үйрөнсө, студент болгондо кыйналбайт. 6-класста окуган уулума бутерброд, сэндвич жасаганды үйрөттүм, — деди ал.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер