«АЯЛДАРДЫН  КООМДОГУ ОРДУ» 

  • 05.11.2021
  • 0

Ушундай аталыштагы тегерек стол 4-ноябрда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болуп өттү.

Иш-чара университеттин Аялдар кеңеши тарабынан уюштурулуп, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын Аялдар кеңешинин төрайымдары, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучу эжейлери катышты. Университеттин тышкы байланыштар жана инвестиция департаментинин директору, философия илимдеринин доктору, профессор Балтабаева Аида “Аялдар жамаатында эмоционалдык интеллекттин орду” деген темада баяндама жасап, аял затына керектүү болгон кызыктуу маалыматтарды айтып берди. Андан соң каржы-экономика факультетинин деканы, экономика илимдеринин кандидаты Шакиев Шайдилла «Аял ким?» деген темада өзүнүн ойлору менен бөлүштү. Иш-чаранын уюштуруучусу Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Аялдар кеңешинин төрайымы Жээнбекова Жийдегүл: «Тегерек столдун максаты окутуучу эжекелер арасында эмоционалдык интеллектти калыптандыруу, өнүктүрүү жана окутуучу эжекелер менен студенттердин ортосунда позитивдүү психологиялык атмосфераны түзүүгө багыттоо болуп саналат», — дейт.

Бөлүшүү

Комментарийлер