АВТОУНАА ТРАНСПОРТУ ЖАНА ЖОЛ ЧАРБА: ЦИФРАЛАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

  • 26.10.2020
  • 0

Республикада октябрь айынын акыркы жекшемби күнү автоунаа транспорту жана жол чарба кызматчыларынын күнү белгиленет.

Автоунаа транспорту өткөн кылымдын 30-жылдарынан тартып өнүгө баштаган, ал эми ташуулар үчүн негизги жүктөр болуп таш көмүр, жыгач жана курулуш материалдары, кант, пахта жана нан ташуулар саналган.

Республиканын бийик тоолуу жана көптөгөн региондоруна жетүүнүн кыйын шарттары башынан эле транспорттун башка түрлөрүнүн арасынан автоунаа транспортуна алдыңкы орунду аныктаган.

2019-жылы автоунаа транспорту менен 32 млн. тонна жүк же алардын көлөмүнүн 92 пайыздан ашыгы ташылган.

Автоунаа транспорту менен жүк ташуулардын олуттуу бөлүгү (98 пайыздан ашыгы)  жеке ишкерлер (жеке жактар) тарабынан жүргүзүлөт.

2019-жылы жүктөрдү ташуунун эң чоң көлөмү Чүй жана Ысык-Көл облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын чарбалык субъекттеринин транспортуна туура келди.

АВТОУНАА ТРАНСПОРТУ ЖАНА ЖОЛ ЧАРБА: ЦИФРАЛАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча айтсак, алардын негизги көлөмү да (90 пайыздан ашыгы) автоунаа транспортуна (автобустар жана таксилерге) туура келет. Ушундай ташуулардын 90 пайыздан ашыгы жеке ишкерлер (жеке жактар) тарабынан жүргүзүлөт.

2019-жылы жеке жактарга таандык автобустар, микроавтобустар жана таксилер менен 677 млн., же 94 пайыз жүргүнчүлөр ташылган, ал эми атайын автоунаа транспорт ишканалары тарабынан —  42 млн. жүргүнчүлөр (6 пайыз) ташылган.

Жүргүнчүлөрдүн эң көп саны Бишкек шаарынын, ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарынын чарбалык субъекттери тарабынан ташылган.

АВТОУНАА ТРАНСПОРТУ ЖАНА ЖОЛ ЧАРБА: ЦИФРАЛАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

2020-жылдын башында республикада жеке менчик ээлигинде бир миллиондон ашык жеңил авто унаалар болгон, алардын саны 2018-жылга салыштырмалуу 4 пайызга көбөйдү.

Республиканын туруктуу калкынын 1000ине алганда 158 жеңил автоунаа туура келген. Жеңил автоунаалардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарынын (калктын 1000ине 308 автоунаа), Чүй облусунун (248 автоунаа) жана Ош шаарынын (220 автоунаа) жеке ээлерине туура келген.

2019-жылы облустук жана жергиликтүү маанидеги 39 километр авто жол, жалпы мамлекеттик жана республикалык маанидеги — 15 километр авто жол, айыл чарбасындагы ички чарбалык жолдор — 72 километр катуу жабуусу менен  автоунаа жолдору ишке киргизилген. Мындан сырткары, «Түштүк транспорт жолу», «Ош-Баткен-Исфана», «Бишкек-Ош», «Талас-Тараз-Суусамыр», «Бишкек-Нарын-Торугарт» авто жолдорун оңдоо жана реконструкциялоо, «Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу, ошондой эле «Борбор Азиядагы жол байланыштарын жакшыртуу» долбоору боюнча иштер жана башка башкалар жүргүзүлгөн. Муну менен бирге, транспортко карата инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 91 пайыздан ашыгы тышкы булактардын эсебинен каржыланган.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.  Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Улутстаткомунун Пресс-кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер