АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

  • 18.08.2025
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин Жыйындар залында «Доор өзгөрткөн билим» аттуу республикалык август кеңешмеси старт алды.

АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

Жыйындын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бул тарыхый жыйындын башка катышуучуларындай эле, өзү да толкунданып турганын баса белгиледи.
— Ар бир мугалим, анын ичинде катышуучулардын катарында мен да абдан толкунданып турам. Бүгүн эгерде кыргыз билим берүүсүнө 100 жыл болсо, туура 100 жылдан кийин «Доор өзгөрткөн билим» аттуу август кеңешмеси өтүүдө. Бул албетте, өтө маанилүү тарыхый иш-чара. Мындан ары ар бир облуста, райондо ушундай август кеңешмелери өтөт. Агартуучулар чогулуп алып, билим берүү системасындагы өзгөртүүлөрдү талкуулашат, —  деди министр.

Кыргызстандын билим берүү тармагынын жетекчиси андан аркы сөзүндө бул маанилүү жыйындан алдында турган милдеттерге да токтоло кетти.

— Август кеңешмеси эмне үчүн «Доор өзгөрткөн билим» деп аталды? Анткени кыргыз билим берүүсү түптөлгөн күндөн бери бир кылым болду. Баары өзгөрдү. б.а. эмгек рыногунун талаптары, бизди курчап турган чөйрө өзгөрдү. Жаңы имараттар, жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы билим пайда болгондуктан биз, мугалимдер, анын ичинде окуучулар да тездик менен өзгөрүшүбүз керек. Азыркы мугалимдер жасалма интеллекттин продуктусун өз ишинде, өз сабагында кантип пайдалана алат, «Уңгужол» программасынын баалуулуктарын тарбия ишинде кантип камтыйбыз, балдардын мекенчилдик, жаратмандык сезимдерин кантип өөрчүтөбүз,  балдардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн, жаратылышты коргоо көндүмдөрүн кантип ар бир предметте чагылдырабыз, ушул суроолорго бүгүн чогуу айкын  жоопторду  издейбиз, – деп айтты.

АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

Эскерте кетсек, Ош шаарында өтүп жаткан бул маанилүү жыйынга республиканын бардык аймагынан алдыңкы мугалимдер, СТЕМ мугалимдери, мектеп директорлору, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жогорку окуу жайлардын ректорлору, өнөктөштөр, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Ош щаарынын мэри, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү катышууда.
Билим берүүнүн актуалдуу маселелерине саресеп салган бул жыйын эртең, 19-августта да өз ишин улантат.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер