АТАКТУУ КЕСИПТИ ЭМЕС, АБРОЙЛУУ КЕСИПТИ ТАНДА!

  • 01.06.2022
  • 0

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, колледж, лицейлердин өкүлдөрү жана мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кесипти туура тандоонун маанилүүлүгүн белгилеп, келечекте айрым кесиптер актуалдуулугун жогото турганын айтты. Ал бүгүнкү иш-чара кесип тандоо алдында турган бүтүрүүчүлөр үчүн эң сонун аянтча экенин баса белгиледи.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев фестивалдын катышуучулары менен баарлашып, бүтүрүүчүлөргө кеп-кеңешин айтып, алдыга койгон максаттарына жетүүсүнө ийгиликтерди каалады.

Иш-чарада өлкөдө жумушчу кесиптер боюнча адистерге муктаждыгы айтылып, 9-класстын базасында окууга тапшыргандардын окуу мөөнөтүн 3 жылдан 2 жылга кыскартуу, окуу планында кесиптик билим берүүгө көбүрөөк убакыт бөлүү тууралуу айтылды.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Бишкекте валидация жана сертификация борборлору түзүлөрүн билдирди.

Фестивалда колледждер жана кесиптик лицейлер өздөрүнүн буюмдары, жумушчу шаймандары, окуу жайлардын сүрөттөрү менен жарнак чатырларын кооздоп, абитуриенттерге багыттары жана адистиктери тууралуу буклеттер таратылды.

Мындан тышкары, фестивалдын катышуучуларынын арасында түрдүү интерактивдүү оюндарда байгелер ойнотулду.

Фестиваль Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында уюштурулду. Фестивалга өлкөнүн бардык аймактарынан 12 колледж жана 19 лицей катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер