АТА-ЭНЕ МЕНЕН МУГАЛИМДИН ЫНТЫМАГЫ ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ
- 23.12.2025
- 0
2025-жылдын 23-декабрында Чаткал районунун Курулуш айылындагы Сатымбай Мырзалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде “Билим Кербени” долбоорунун “Лидер мугалим” курсунун алкагында мугалимдер жана ата-энелер үчүн мазмундуу семинар уюштурулду. Иш-чара билим берүү процессиндеги эң маанилүү эки тараптын ата-эне менен мугалимдин ортосундагы байланышты бекемдөөгө багытталды.
Семинарга Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу Кубатбек атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин педагогдору өткөрүп, кесиптештер ортосунда тажрыйба бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Иш-чаранын алкагында ата-энелер үчүн Шайдин кызы Барчынай “Курактык психология. Стереотиптер” темасын терең камтыган тренинг өткөрдү. Ал 2025-жылы “Жыл мугалими” сынагында райондук баскычта жеңишке жетип, облустук турда байгелүү орунду камсыз кылган тажрыйбалуу педагог.
Сабакта баланын ар бир курактык этабына мүнөздүү психологиялык өзгөчөлүктөр кеңири ачылып, ата-эненин мамилеси баланын дүйнө таанымына тийгизген таасири мисалдар аркылуу талданды.
Айрыкча коомдо калыптанып калган түшүнүктөр баланы салыштыруу, ашыкча талап коюу, жеке өзгөчөлүктөрүн эске албоо, баланын өзүнө болгон ишенимин арттыруу баса белгиленди. Сабак суроо-жооп, пикир алышуу форматында өтүп, ата-энелер өз ойлорун ортого салып, пайдалуу багыттарды алды.
Соңунда ата-энелер тренерге ыраазычылыгын билдиришип, ата-эне менен мугалимдерди байланыштырып турган иш-чаралар байма-бай болуп турушун өтүнүштү.

Семинардын экинчи бөлүгү мугалимдерге арналды. Бул бөлүктө Сурапбаева Самара “Идеалдуу мугалим” темасында бүгүнкү күндөгү педагогдун кесиптик жана инсандык образын кеңири сүрөттөдү. Сабакта мугалимдин ролу билим берүү менен гана чектелбестен, окуучуга жол көрсөтүүчү, шыктандыруучу жана ишеним жаратуучу инсан экени өзгөчө басым менен берилди.
Талкуунун жүрүшүндө идеалдуу мугалимге мүнөздүү сапаттар, окуучу менен болгон натыйжалуу байланыш, сабактагы мотивацияны арттыруунун ыкмалары жана мугалимдин үзгүлтүксүз өнүгүүсү тууралуу ой жүгүртүүлөр орун алды. Практикалык тапшырмалар аркылуу педагогдор өз тажрыйбасын байытып, кесиптик дем-күч алышты.
Айыл аймактарын камтыган “Билим Кербени” долбоору бул жолу да өзүнүн маанилүүлүгүн айгинелеп, билим берүүдө кызматташуунун баалуулугун көрсөттү. Ак-Таш айылынан Курулуш айылына чейинки жол тажрыйба, ой жана максат бириккен мазмундуу жолго айланды.
Семинардын жыйынтыгында мындай жолугушуулар баланын сапаттуу билим алуусуна, туура тарбияланышына олуттуу салым кошору баса белгиленип, демилгечилерге жылуу пикирлер айтылды.
Мугалим менен ата-эне бир максатта кадам таштаганда билим да, тарбия да өз жемишин берет.
Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА “Кут Билим”




Комментарийлер