АТА-ЭНЕ МЕНЕН МЕКТЕП КАНДАЙ ИШТЕШИ КЕРЕК?

  • 20.10.2022
  • 0

Ар чейректе мектеп ата энелерди чакырып, ар бир предметтен окуткан мугалим менен конструктивдүү диалог уюштурат.

Профессор Дүйшөн Шаматовдун ФБдагы өз баракчасына жазган маалыматына таянсак, мугалим ар бир ата-энеге 5-10 минута бөлүп, алардын баласы кантип окуп жатат, кандай жетишкендиктери бар, жана кантип дагы алдыга жылса болот деген нукта айтып берет.

АТА-ЭНЕ МЕНЕН МЕКТЕП КАНДАЙ ИШТЕШИ КЕРЕК?

— Жалпы ата-энелер чогулушта бирөөнү урушуп, бирөөнү ашкерелеп, бирөөнү мактоо өзү туура эмес. Ата же энелер кезек менен орун алмашып, ар бир мугалим менен жолугуп, суроо берип, каалаган маалыматты алат. Жыйынтыгында ата-эне жана мугалим /мектеп өнөктөш мамиле кура алат. Бул дүйнөлүк алдыңкы тажрыйба жөнүндө мурда да жазган элем. Казыбек, Мелисбек жана Кыялбек деген мыкты мектеп жетекчилери дароо өздөрүнө ыңгайлаштырып, керектүү жагын алып, иштеп жатышыптыр, — дейт профессор.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер