АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮГӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА
- 07.11.2026
- 0
Аксы районундагы Жеңиш Бекболотов атындагы балдар чыгармачылык борборунда 8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата иш-чаралар уюштурулду.

Тактап айтканда, ийримдер арасында “Тарыхым- тамырым“ деген аталышта интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү. Андан кийин улуттук оюн болгон тогуз коргоол боюнча мелдеш болуп өттү. Мугалимдер Мамадалиева Гулия, Сатылганов Калыйнур, Айталиева Каухар аталган майрам боюнча кеңири маалымат беришти. Андан кийин тарыхый инсандарга байланыштуу роликтер көрсөтүлдү. Соңунда мыкты катышуучулар жана жеңүүчүлөр Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Узен Атаканов, Аксы району