АТ-БАШЫ: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ
- 22.08.2026
- 0
2026-жылдын 21-августунда Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында билим берүү мекемелеринин 2026–2027-окуу жылына даярдыгы боюнча жыйын өткөрүлүп, райондогу билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынын берген маалыматына таянсак, жыйындын жүрүшүндө жалпы билим берүү мектептердин жана бала бакчалардын жаңы окуу жылына даярдык деңгээли ар тараптуу каралып, мекемелердин материалдык-техникалык абалы, педагогикалык кадрлар менен камсыздалышы, билим берүү объектилеринде жүрүп жаткан курулуш жана капиталдык оңдоо иштеринин абалы, алардын сапаты, белгиленген мөөнөттө аяктап, пайдаланууга берилиши боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары В.Мурзалымбекова жаңы окуу жылын уюшкандыкта жана жогорку деңгээлде баштоо, окуучулар үчүн коопсуз, таза жана ыңгайлуу шарттарды түзүү билим берүү мекемелеринин негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин билим берүү уюмдарынын даярдыгын жеринде текшерүү учурунда мектептерде жана бала бакчаларда жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин негизги бөлүгү аяктап калганы аныкталган. Учурда калган иштерди толук бүткөрүп, билим берүү уюмдарында жаңы окуу жылын талаптагыдай тосуп алууга толук даярдоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер