АСТАНАДА КМШ МУГАЛИМДЕРИНИН КЕЗЕКТЕГИ СЪЕЗДИ

  • 05.10.2022
  • 0

Казакстанда КМШ мугалимдеринин жетинчи съезди өтүп жатат. Анын ишине Кыргызстандан дагы делегация катышууда.

АСТАНАДА КМШ МУГАЛИМДЕРИНИН КЕЗЕКТЕГИ СЪЕЗДИ

Астанада съезддин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү жаатындагы кызматташтык боюнча кеңешинин кезектеги жыйыны болду.

 

Билим берүү кызматкерлеринин кезектеги съезди Астана шаарында Назарбаев университетинде 4-октябрда башталды, ал 6-октябрда аяктайт.

Бул съездге барган кыргыз делегациясынын курамында алдыңкы мугалимдер жана жетекчилер бар.

Сьездде карала турган негизги маселелер — КМШда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүгө көмөктөшүү, кызматташтыкты чындоо.

 «КМШ өлкөлөрүндө билим берүүнүн жаңы реалдуулуктары жана билим берүү процессинин пандемиядан кийинки мезгилдеги  трансформациясы» деген темада пленардык отурум болот.

Ошондой эле съезддин жүрүшүндө эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалы жана тематикалык секциялар, панелдик дискуссиялар, тегерек стол талкуулары өтүп жатат.

Съезддин аягында алдыңкы педагогдорго «КМШнын билим берүү мыктысы» төш белгиси салтанаттуу тапшырылат. (НМ)

Бөлүшүү

Комментарийлер