АРТЕМ НОВИКОВ: ӨКМӨТ БИЗНЕСТИН КООПСУЗДУГУН ЖАНА КЕПИЛДИГИН КАМСЫЗДООГО МИЛДЕТТЕНЕТ

  • 17.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бизнестин коопсуздугун жана кепилдигин камсыздашы кажет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

АРТЕМ НОВИКОВ: ӨКМӨТ БИЗНЕСТИН КООПСУЗДУГУН ЖАНА КЕПИЛДИГИН КАМСЫЗДООГО МИЛДЕТТЕНЕТ

«Тоо-кен тармагында орун алган нерселерге жол берилбеши керек, ага эч кандай негиз жок. Ошондуктан мен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жана Мамлекеттик салык кызматына ал жерлерге барып, келтирилген зыянды баалып, бюджеттеги кыйынчылыктарды эске алуу менен аталган ишканаларды колдоого алуу боюнча мүмкүн болгон чараларды карап чыгууну тапшырдым. Өзгөчө абал режими алынды. Коомдук-саясий абал турукташты. Учурда бардык ишканалар, соода борборлору жана бизнестин башка тармактары толук кандуу иш режимине өтө алат», — деп белгиледи Биринчи вице-премьер-министр.

АРТЕМ НОВИКОВ: ӨКМӨТ БИЗНЕСТИН КООПСУЗДУГУН ЖАНА КЕПИЛДИГИН КАМСЫЗДООГО МИЛДЕТТЕНЕТ

Артем Новиков эскерткендей, жакынкы арада Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш өтөт, анда экономиканы либералдаштыруу, салык жана бажы тутумун реформалоо жана ишкерлер үчүн тоскоолдуктарды кыскартуу боюнча милдеттерге басым жасалат.

АРТЕМ НОВИКОВ: ӨКМӨТ БИЗНЕСТИН КООПСУЗДУГУН ЖАНА КЕПИЛДИГИН КАМСЫЗДООГО МИЛДЕТТЕНЕТ

«Биз жалпыбыз Өкмөт үчүн бүгүнкү күндө артыкчылыктуу милдет катары экономикалык абалды турукташтыруу маселеси саналарын түшүнүп турабыз Жана мында ишкердүүлүк тармагынын өкүлдөрүнүн ролу абдан чоң. Мамлекет сиздердин коопсуздугуңарды камсыздап берет. Ошондуктан биз өлкөдөгү бизнести колдоо үчүн максималдуу күч-аракетибизди жумшайбыз», — деди Артем Новиков.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер