АРДАКТУУ МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНДЫ

  • 28.10.2020
  • 0

«Насаатчы» эл аралык коомдук фонду педагогикалык кесипке чыгармачылык изденүүсүн арнап, таалим-тарбия ишинде ак ниет эмгеги менен өзгөчөлөнгөн агай-эжейлерге «Ардактуу мугалим» төш белгисин ыйгарды.

Сыймыктуу сыйлыкка татыктуу болгондордун арасында Бишкек шаарынан орус тили жана адабияты мугалими, Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Марьям Ирисова, борборубуздагы №77 орто мектебинин башталгыч класстар мугалим Салтанат Исембаева, Сокулук районундагы Айтматов атындагы Ново-Павловка мектеп-гимназиясынын англис тили мугалими Калмира Түмөнбаева, «Дордой» жаңы конушундагы №94 орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Буайша Назарбекова, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Апиза Хакимова, Алай районундагы С.Карыев атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Сыдык Мамыров жана Ош шаарынан ардагер мугалим Бүзейнеп Нуркулова бар.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер