АРАВАНДА МУГАЛИМДЕРДИ ОКУТУУ БАШТАЛДЫ
- 14.08.2026
- 0
Араван районунда 2026-жылдын 11-августунан 28-августка чейин “12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн этаптары” боюнча мугалимдерди окутуу башталды.

Район боюнча окуудан жалпы 556 мугалим өтөт. Алардын ичинен: 316 башталгыч класстын мугалими; 99 математика мугалими; 141табигый илимдер мугалими жылдык окутуунун өзгөчөлүктөрү боюнча окутулат.

Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери Ош шаарында 12 жылдык окутуу системасы боюнча уюштурулган тренингге катышып, жаңы билим, тажрыйба жана усулдук багыттар боюнча методисттер алган маалыматтарды мугалимдерге толугу менен жеткиришет.

Окутуунун негизги максаты – мугалимдердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу, жаңы билим берүү талаптарын натыйжалуу ишке ашырууга колдоо көрсөтүү жана сапаттуу билим берүүгө багыт алуу болуп эсептелет.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер