АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН КЕЛЕЧЕГИ ЖАНА КЕМЧИЛИКТЕРИ

  • 21.10.2020
  • 0

Аралыктан окутуу «Онлайн»- деп аталып пандемия учурунда гана мектептерге жана лицейлерге киргизилди.  Буга чейин же тактап айтканда 2006-2007 ж.ж. жогорку окуу жайларына эксперимент катары киргизилип, 2010 –жылдардан баштап илимий чөйрөлөрдө, жогорку окуу жайларында конференциялар өткөрүлүп,  ал гана эмес кээ бир жогорку окуу жайларында сырттан окуу программасына ишке ашырыла баштаган эле. Мындай окутуу киргизилген окуу жайларындагы кесипке такшалтуу мектеп партасынан жаңыланган компьютердик жана санариптик технологияны  эң жакшы өздөштүргөн гана студенттер үчүн жакшы натыйжа берээри анык.

Онлайн бул билим берүү тармагындагы жыңылык жана өзгөчө бир форма болуп чыкты. Окутуучу үйүндө, башка өлкөдө болуп сабак өткөрүүгө мүмкүнчүлүк ээ боло алат. Онлайн же аралыктан окутуу,  окутуучу менен студент ортосундагы бардык берилген, кайра алынган маалымат информациялык технологиянын жана компьютердик коммуникациянын гана байланышы аркылуу ишке ашырылат. Билимдин жеткиликтүү берилиши, окугандардын кабыл алышы жана тест же экзамендик текшерүүгө даярдыгы, окутуучунун материалды толук көлөмдө берилишине жана окуучунун үй шартында жекече кесипке умтулуусу,  интернет булактарын айкалыштыруу менен болгон даярдыгына көз каранды болоору чындык.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН КЕЛЕЧЕГИ ЖАНА КЕМЧИЛИКТЕРИ

Аралыктан окутуу өтө жетишкен (компьютер жана интернет) өлкөлөрдө окуучулары заманбап технологиянын жабдуулары жабдылган жана аларды колдоно билген калк катмарында оң натыйжага мүмкүн ээ болоор.  Ал эми калк катмарынын отуз пайызында компьютер жана элүү пайызында заманап смартфон бар өлкөлөр үчүн аралыктан окутууда билим берүү жана  шык билимди кайра алуу сапаты кандай болоору белгилүү.  Онлайн сабакты жеткиликтүү өткөрүү үчүн окутуучуда электрондук китепкана, темага ылайык слайддар, сабактын толук көлөмү, схемалары, видеосабактары, чиймелери, көрсөтмө куралдары электрондук даяр папкаларда ар бир сабак үчүн болуусу шарт.

Онлайн окутуу баштапкы кесиптик окуу жайларында жаңылык болду.  Орто мектептерге, атайын орто жана жогорку окуу жайларына караганда баштапкы кесиптик лицейлердин окуу программалары жана атайын сабактарды өткөрүү, кесипке үйрөтүү кескин айырмаланат. Кесиптик шык билимге үйрөтүү атайын кесипке ылайыкташтырылган өнөрканаларда тетик агрегаттарды кол менен ажыратып жана чогултуп, бузуктуктарын таап, техникалык тейлөөнү, оңдоону иш аракет аркылуу ашырылганда гана кесипке ээ болуу деңгээли билинет. Ал эми өндүрүштүк окутуу устаканаларда жана базалык мекемелердин мастерскойлорунда жүргүзүү менен айкалыштырылып, же дуалдык ыкмада кесипке үйрөнүү оң натыйжасын берет.

Аралыктан окутууда кесиптик окуу жайларында лабораториялык сабактары жана өндүрүштөн окутуу учурунда аралыктан окутуунун жетишкен жактарын атап айтууга эч болбойт. Онлайн менен кесипке, айрыкча агрегат механизм менен байланышкан кесипке үйрөтүү аргасыз кадам экендигин сезилди. Ал эми кемчиликтери арбын. Кесиптик лицейлердеги аралыктан окутуу атайын жана өндүрүштүк окутуу сабактарында бир кыйла татаал түйшүк жаратып келет. Айрыкча агрегат механизмдердин түзүлүшүн, бузуктуктарын, техникалык тейлөө иш аракеттеринде онлайн сабак өтүү окуучуларды баалоодо окутуучуларга кыйынчылык алып келүүдө. Эң негизги себеп үйрөтүүчү менен үйрөнүүчүнүн бетме бет жолугушусу жок. Окуучуларга үйрөтүлүүчү маалыматтар электрондук берүүдө жетишсиз, тактап айтканда окуу китептери, конспект же видеоберүү менен жиберилет. Нак угуу жана көрүү жок. Окуу программасына ылайык окуучулардын колунда окутуу материалдары жана агрегаттарды жок, ажыратып чогултууга өз колдору менен иш жүзүндө көрсөтө албастыгында жатат. Орчундуу орунду алыскы айылдардагы интернеттин жоктугу же жетишсиздиги, калк катмарындагы начар үй бүлөлөрдүн басымдуулугу жана алардын колунда сабак өтүүгө керектүү заманбап смартфон компьютердин жетишсиздиги да терс таасирин тийгизет.  Үйрөнүүчү жекече аракеттен жана акыркы кабыл алуучу жыйынтыктан аксайт. Тест же интернет жазуу экзамени билим кабыл алууну толук чыгарып бере албайт. Түрүнө карабай көпчүлүк кесиптик окуу жайлары аралыктан окутууда эң жакшы жана сапаттуу өнөргө үйрөтүүгө жетиштик деп айтуудан алыс. Ошол эле учурда өлкө эгемендүүлүк алгандан бери кесиптик окуу жайларына мамлекет тарабынан колдоонун токтотулушу, алардын жаңыланган коомдон, технологиядан, заманбап жабдуулардан аксап келүүсү да аралыктан окутууда кедергисин тийгизип келет. Мындай кемчиликтер көбүнчө атайын жана өндүрүштүк окуу сабактарына тийешелүү болууда. Кемчиликтерге карабай кесиптик лицейлердин жамааттары чукул арада квалификацияларын жогорулатуу менен колдо болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып онлайн формасында сабак өтүүнү ишке киргизүү менен алектенишүүдө. Жалпы билим берүү сабактары боюнча аралыктан окутууну ийгиликтүү ишке ашырган окуу жайлары арбын.

Эгемберди Усупов

 

Бөлүшүү

Комментарийлер