АРАЛЫКТАН ОКУТУУ: КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ КАНДАЙ ИШТЕП ЖАТАТ?

  • 28.10.2020
  • 0

Өткөн саныбызда аралыктан окутуудагы кайтарым байланыш туурасында сөз баштадык эле. Ушул темада кайрадан кеп учугун улап, аймактарыбыздагы мугалимдерибиздин, адистердин  бул багытта кандай иштеп жаткандыктары туурасында дагы сурамжылоо жүргүздүк. Аралыктан окутуунун негиздеринин бири болгон кайтарым байланыш  окуучунун теманы кандай түшүнгөндүгүн, мугалимдин баланын окуп жаткандыгын көзөмөлдөөнүн өзөктүү бир шарты болгондугу үчүн да бул маселе өтө орчундуу болуп эсептелет. 

Убагында Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери “Сорос-Кыргызстан” фонду, массалык маалыматты колдоо фонду жана Green Light компаниясы менен биргеликте мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы кайтарым байланышты уюштурууга арналган бир нече алгылыктуу вебинарларды да өткөрдү. Бул дагы болсо мугалимдердин кайтарым байланышты жасоонун алгылыктуу жолдорун үйрөнүүгө кайсы бир деңгээлде жол ачты десек жаңылышпайбыз. Кандай болгон күндө да мугалимдерибиз аралыктан окутуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн тыкыр үйрөнүүгө тынымсыз умтулуп, аны ишке ашырып  жатышат. Албетте, аралыктан окутуунун алгачкы алиппесин дээрлик мугалимдер окуп, үйрөнүп чыгышты. Ал тургай айрым мугалимдер анын алгылыктуу жолдорун изденип, колдонушууда. Биз төмөндө ошондой  айрым мугалимдердин пикирин угуп көрдүк.

Мугалимдер  билимдерин жетиштүү жогорулатышты

Бишкек шаарынын “Акылтай” мектебинин география мугалими Каныбек кызы Мээрим онлайн-окутууда негизги басым жасалуучу аспект — кайтарым байланыш деп эсептейт. Анын ою боюнча кайтарым байланыш билим берүүнүн сапатын жогорулатат. Анткени, бул — окуучунун ишмердүүлүгүнө мугалимдин позитивдүү реакциясы деп билет. Мугалимдин реакциясы — бул окутуунун башкы этаптарындагы окуучуда пайда болгон түшүнбөстүктөргө позитивдүү сунуштар, кеңештер жана комментарий берүү, кайтарым байланыш конкреттүү окуучуга багытталгандыктан, инсандык багыттоо мүнөздүү деп билет.

-Биздин мектепте окуу процессин жана кайтарым байланышты көңүлдүү өткөрүүгө  Kahoot  платформасы колдонулуп келүүдө.  Окуу жылынан баштап Pear Deck платформасын да апробациялап баштадык. Бул платформада окуу процессинин бардык этаптарын камтып, кайтарым байланышты онлайн түрдө аткартууга мүмкүнчүлүккө ээ болдук. Окуучуларга абдан кызыктуу, анткени ичине сынчыл көз карашты өнүктүрүүгө арналган түрдүү тапшырмалар бар. Тапшырмалар профилдер боюнча да бөлүнгөн. Мугалим өзүнүн чыгармачылыгына карата видео, аудио, текст материалдардын шилтемеси менен бөлүшө алат. Окуучу өз ою менен кенен бөлүшө алат, рефлексияга абдан ыңгайлуу.

Биздин мектеп жеке менчик болгондуктан, ар бир окуучунун жеке смартфону, ата-энелер интернет байланышы менен камсыздагандыктан,  окуучулардын сабакка  катышуусу 98-99% болду. Интернет байланышынын начар болгондугунан кээде сабактар 1-2 минутага токтоп, кайра улантылып жатты.

Албетте, онлайн окутууда кыйынчылыктарга туш болдук. Мисалы, айрым окуучулар тапшырмаларды өз убагында аткарбай калып жатты. Башталгыч класстын мугалимдерине оорчулук WhatsApp аркылуу келген ар бир окуучунун тапшырмасын текшерип, комментарий жазууда көп убакыттын кетиши болду. Себеби, ар бир башталгыч класстын мугалими 4-5 предметтен сабак берет.

Жыйынтыктап айтканда, биздин мектепте администрация тарабынан мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга зор маани берилди. Онлайн окутуу процессин уюштуруу боюнча бир нече тренингдер, семинарлар бардык эжеке-агайларга уюштурулду, -дейт Каныбек кызы Мээрим.

Жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болдук

Кара-Көл шаарынын Токтогул атындагы мектеп-гимназиянын информатика мугалими Мирлан Калпакбаев пандемия учурунда билим берүү процессинде көптөгөн мүмкүнчүлүктөр чектелгени менен жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болгонун айтып, алардын айрымдарына токтолуп, кандай мүмкүнчүлүктөр чектелгенин санап өтөт. Алар төмөнкүлөр:

-Салттык билимде мектепте сабак учурунда жаңы теманы түшүндүрүп жатканда окуучулардын көзүнөн алардын түшүнгөн же түшүнбөй калгандыгын көрүп турчубуз. Аралыктан окуганда маселе иштөөдө окуучуларга мугалим дароо жардам бере албай калды. Мисалы: окуучу кандайдыр бир маселенин жарымына барып такалып калса мугалимдин жардамы менен чыгарып кетчү. Ал эми кандай мүмкүнчүлүктөр пайда болду? Мугалимдер үчүн бир учурда бир нече класска (баардык окуучуларга) сабак өтүү, окуучулар үчүн өтүлгөн сабакты өзү каалаган учурда жана бир нече жолу кайталап көрүү, окуучулардын алган билимин онлайн текшерүү жана баалоо, б.а. кайтарым байланыш шартына ээ болдук.

Мен кайтарым байланышты өтүлгөн сабактын тибине карата тандайм. Мисалы, жаңы бөлүмгө киришүү сабагы болсо онлайн тестирлөөнү колдоном (Google Формалар, Online Test Pad, Мастер-Тест ж.б.). Булардын арасынан Google Форманы көп пайдаланам. Себеби эч кандай программаны орнотууну талап кылбайт. Азыркы учурда бардык аппараттарда (смартфондордо, айфондордо) браузер бар. Ал эми Google Формада түзүлгөн тест WhatsAppтан келген шилтемесин басканда эле браузерден ачылат. Дагы бир өзгөчө артыкчылыгы, жыйынтыктарды Excel  формада сактап бере алгандыгы. Бул өз учурунда Excelде же башка программада мугалим өзү түзүп алган убактылуу журналга бааларды койгонго жеңилдик берет.

Окуучулар даяр жооптордун арасынан туурасын тандап койгонго көнүп кетпесин деп кээде тапшырманы дептерге аткарып, сүрөткө тартып WhatsAppтан жөнөтүшүн талап кыламын.

Өтүлгөн теманы дептерине конспектилеп жазгандыгын текшерүү үчүн WhatsApp тиркемесин колдоном. Окуучулар дептерлерин сүрөткө тартып жөнөтүшөт.

Ал эми окуучулар менен жүз көрүшүп, алардын суроолоруна жооп берүү керек болсо Zoom платформасын колдоном.

Дагы кандай мүмкүнчүлүк болсо, жакшы болмок деген суроомо кайра өзүм мындай жооп берет элем: азыркы учурда иштеп жаткан Акылдуу мектеп (электрондук мектеп), долбоору сыяктуу платформаларда (сайттарда) окуучулардын иштери – аткарган тапшырмалары, өткөн тесттери сакталып калса жакшы болот эле. Ошол сайтка окуучулар өздөрүнүн логин, сыр сөзү менен кирип теманын материалы менен таанышып — теориясын окуп, видеосун көрүп андан кийин тапшырмаларын аткара алса жана ал сакталып калса. Мугалим өз логини менен ар бир окуучунун билим алуудагы өнүгүү процессине байкоо жүргүзүп, кеңешин жана жардамын берип тура алса билим берүүнүн сапаты өсөт деп ойлойм,- дейт Мирлан Калпакбаев өз пикиринде.

Мугалимдер кайтарым байланышты кандайча уюштуруп жатышат?

Педагогика илимдеринин кандидаты, КББАнын технология жана искусство лабораториясынын башчысы Ибирайым Кызы Айжан пандемияга байланыштуу мугалимдер окуучулар менен кантип түздөн-түз кайтарым байланышты уюштуруп, кырдаалдан кандайча чыгып жатышкандыктары боюнча төмөнкүлөрдү айтты.

— Биринчиден, мугалимдер колунда бар компьютердик, мобилдик каражаттарды, алардын түзүлүштөрүн, башка каражаттарды колдонуп жатышат. Алар: телевизор, компьютер, ноутбук, смартфон, телефон, планшет, модем ж.у.с.

Экинчиден, ар бир мугалим өзүнүн коммуникациялык технологияны пайдалануу жана интернетти колдоно билүү деңгээлине жараша ар түрдүү компьютердик программаларды, сервистерди, интернет кызматтарын пайдаланышууда. Алар: — Он-лайн сабактарды, конференцияларды жана видео-байланыштарды  уюштуруу үчүн сервистерди: Skype, Zoom, Microsoft Teams, Proficonf  ж.б.; Google сервиси жана анын он-лайн мүмкүнчүлүктөрү;  электрондук почталар;  Мобилдик тиркемелер (WhatsApp, Телеграмм, Zoom ж.б.);  Сайттар (билим берүү, өз алдынча окуу ж.б.) ж.у.с.

Үчүнчүдөн, эгерде компьютердик каражаттар жаңы жана алардын функциялары кеңири болсо, ага программаларды жүктөп алып, айрым мугалимдер өзүлөрү видео-сабактарды жаздырып, окуучуларга жөнөтүп, тапшырмаларды берип жатышат. Мындай болбогон учурда телевизордогу ТВ-сабактар менен гана чектелишүүдө. Интернет байланышы начар болгон аймактарда окуучулар менен байланыш таптакыр үзүлүп калууда. Мындай учурда айрым мугалимдер WhatsApp менен гана чектелишүүдө.

Айрым сурамжылоодо ата-энелер балдарын мажбурлап окутуп атышканын, балдар телефонду окууга эмес, көбүнесе башка максатта пайдаланып, эртеден кечке телефондо жана интернетте отурушаарын, мугалимдер ата-энелер менен байланышпай жатышканын, убакыт туура эмес пайдаланылганына, күндүзү жумушта болгон ата-энелер балдарынын кароосуз калышаарын  айтып капаланышууда. Мектепке даярдоо боюнча кээ бир бала бакчалардын тарбиячылары ТВ-сабактарга гана шылтоолоп (КР ББИМдин буйругу деп), балдар менен кайтарым байланыш түзбөй жатышканын, башталгыч класстардын ата-энелери балдарынын билим деңгээли аралыктан окууда түшүп кетээрин айтышууда, -дейт белгилүү жаш окумуштуу Ибирайым кызы Айжан.

Кайтарым байланышты кантип жакшыртыш керек?

Педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов пандемия учурунда кызыл сыя менен дептердеги каталарды оңдоо арткы катарда калып, бүгүнкү күндө мугалимдердин кайтарым байланышы окуучуларды терең ой жүгүртүүгө багытташ керек деген пикирин  баса белгилеп, интернет талаасынан чогулткан сунуштарын мугалимдерге тартуулайт. Алар төмөнкүлөр:

  • Окуучулардын аткарган тапшырмаларына өз убагында баа берүү (оозеки же жазуу түрүндө, же сандык баа); Долбоордук иш аткарылып аткан учурда окуучулардын ишин оңдоо жана алардын жүрүшүндө аларга сунуштарды берүү; Маалыматты чектеп берүү; Кызыктуу онлайн тесттерди, оюндарды колдонуу; Окуучулар менен жана окуучулар бири-бири менен монолог эмес, диалог жүргүзүү. Бул учурда окуучуларды бир нече топко бөлүүгө болот. Окуучуларды мындай диалогго тартуу алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өрчүтүүгө жардам берет, суроолорду берүүгө үйрөтөт жана өтүлүп аткан тема боюнча тереңирээк билим алышат. Мугалим кайтарым байланышты берүүдө тапшырманын татаалдыгын айтуу менен бирге окуучулар тарабынан аткарылган ишке ыраазычылыгын билдирип, бир нече суроолорду берип жана кийинки кадамдарын аныктоого жардам берүүсү сунушталат. Тапшырмадагы болуп калган каталардын баарын шагыратып айтпастан, аларды, мисалы, эң көп кездешкен каталарды белгилеп окуучуларга жеткизүү; Окуучулардын ой жүгүртүүсүн түшүнүү жана терең ой жүгүртүүгө түрткү берүү үчүн, өз ойлорун түшүндүрүүгө жана негиздөөгө ачык суроолорду берүү; Окуучуларды бири-бири менен кайтарым байланыш түзүүгө үйрөтүү. Бул учурда ар бир окуучунун аткарган иштерине окшош комментарийлерди кайра-кайра жазуудан куткарат; Окуучуларга тапшырмаларды туура аткарууга жол көрсөтүү. Мугалимдердин кеңештери аркылуу каталарды өз алдынча аныктоону үйрөтүү андан да натыйжалуу.

Майрамбек Токторов “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер