АНТАЛИЯДА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАР

  • 28.11.2023
  • 0

Бүгүн, 28-ноябрда билим берүү жана илим министринин биринчи орус басары Бекжан Супаналиев 29-октябрдан 5-ноябрга чейин Түркиянын Анталия шаарында өткөн эл аралык мультипредметтик олимпиадада ийгилик жараткан окуучуларды кабыл алып, ыраазычылык каттарын тапшырды.

АНТАЛИЯДА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАР

Министрдин биринчи орун басары өз сөзүндө окуучуларды жеңиши менен куттуктап,  келечекте  дагы көп эл аралык, дүйнөлүк деңгээлдеги сынактарда жеңишке жетерине тилектештигин билдирди

  • Мугалимдердин, окуучулардын ар бир жетишкендиги министрлик үчүн чоң мааниге ээ. Биздин мамлекетте акылдуу окуучулар көп болсо, Кыргызстандын келечеги жаркын, кең болуп, алдыңкы мамлекеттердин бири болорубузга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Сиздердей акылдуу жаштар көп экендигине ишенебиз. Азыркы заманга даяр, Кыргызстанды алдыга жылдыра турчу окуучулар сиздерсиздер. Жакынкы 10, 15 жылдын ичинде сиздердин атыңар дагы да чыгарына ишенем. Келечекте алдыңкы жогорку окуу жайларда билим алып, жакшы жумуштарда иштейсиздер. Ошондо биз сиздерди көрүп, дагы да сыймыктаналы! Анталия шаарындагы жеңишиңер акыркылардан болбосун! Окууда да, жашоодо да алдыда болуңуздар!,  — деди Бекжан Супаналиев.

АНТАЛИЯДА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАР

Эл аралык олимпиадага дүйнөнүн 16 өлкөсүндөгү 59 мектептин миңден ашуун окуучулар катышты. Аталган олимпиадага Кыргызстандын атынан “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси, “Илим-Нур” окуу тарбиялык комплексинин окуучулары да катышты.

Алар — “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинен: Мелисов Нурсултан,Төрөбаев Эрбол, Курбаналиева Фирдаусий, Арстанбекова Нурсулуу, Абдырахманов Осмон, “Илим-Нур” окуу тарбиялык комплексинен: Абылкасымова Арууке, Курбанбек кызы Асель, Нусуретова Радия, Турусбекова Арууке, Тыныбеков Имран.

АНТАЛИЯДА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАР

Олимпиадада уюштуруучулар тарабынан окуучулардын алган билим деңгээли гана эмес, чыгармачылыктагы жана спорттогу жөндөм-шыгы да чогуу каралып, балдардын коомдук жайда өзүн алып жүрүүсү, ич ара ынтымактуулугу, тарбиясына да жогору баа берилди.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер