АНАДОЛУ ЛИЦЕЙИНИН ЭЖЕЙИ

  • 11.02.2022
  • 0

Республикалык Кыргыз-Түрк Анадолу лицейинин 30 жылдыгына, аталган лицейдин мүдүрүнүн жардамчысы, лицейде 30 жыл иштеп, түптөгөндөрдүн бири, “Билим берүүнүн мыктысы” Бурулсун Жапаровна Иманалиевага арналат. Эжейибиз учурда 70 жаштын кырын ашып турган чагы.

Кыргыз эли эркиндигин алганда,

Жалпы журтка, дүйнөгө жар

салганда.

Алгач ирет түрк туугандар

таанышып,

Колун сунуп келди бизге жардамга.

 

Тил, тарых, маданият жаатында,

Эки эл окуп, бири-бирин таанышты.

Эл башчылар келишимге кол коюп,

Көрсөтүштү келечектүү багытты.

 

Ала -Тоодо Анадолу лицейи,

Эгемендик башталганда ачылган.

Түрк туугандар менен бирге

иштешип,

Бурул эжей аралашкан башынан.

 

Лицейдин карап көрсөк тарыхына,

Отуз жыл учкан куштай өткөн экен.

Сыймыктанып элге айтабыз

бүгүн биз,

Эки миңдей балдар, кыздар

бүткөн экен.

 

Иманалиева Бурулсун жетекчибиз,

Ишине тың, мыкты адис деп билебиз.

Окуудагы ийгиликтер көбөйсө,

Жетекчинин эмгеги деп жүрөбүз.

 

Көз салат тартип менен тазалыкка,

Кемчиликти айтып турат дайыма.

Жакшысын да жаманын да байкаган,

Эже турат ар бир иштин жанында.

 

Кудай жалгап сексен жашты ашыңыз.

Арыбаңыз, узак өмүр сүрүңүз,

Акыл айтып, алга үндөп жаштарды,

Арабызда эже, дайым жүрүңүз!

РКТАЛинин эмгек жамааты жана
Касым АЛИЕВ

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер