АМЕРИКАЛЫК КИНОРЕЖИССЕРДУН ТАСМАСЫ ЖАШТАРГА ТАРТУУЛАНДЫ

  • 23.09.2019
  • 0

19-сентябрда К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын Америка борборунда  кинорежиссер Фрэнк Поппердин “Gentlemen of Vision” документалдык тасмасы  тартууланып, көрүүчулөрдүн сынына коюлду.

Фрэнклин Делано Поппер — видеоөндүрүштө жыйырма жылдан ашык тажрыйбасы бар режиссер. Анын “Мистер Смит Вашингтонго жете алабы?” толук метраждуу тасмасы (2006) Америкалык кинематография институтунун (Silverdocs) көрүүчүлөр сүймөнчүгү сыйлыгына ээ болгон. Ал — Парижде өткөн адам укуктарына арналган тасмалардын фестивалынын атайын сыйлыгынын ээси. Андан тышкары, Поппер мырзанын тасмасы америкалык көз карандысыз режиссерлордун “PBS Independent Lens” берүүсүндө көрсөтүлгөн. Поппер мырза 2003-жылы толук метраждуу “Eroica” тасмасын тартып, аталган тасма көз карандысыз каналдар аркылуу көрүүчүлөргө тартууланган. “Gentlemen of Vision” — анын үчүнчү даректүү тасмасы.

Бул тасмада “Gentlemen of Vision” аттуу бий тобунун башынан өткөргөн кыйынчылыктары жана жетишкен ийгиликтери чагылдырылган. Бийчилердин кээ бирлери мектеп бүтүрүүчүлөрү болушкандыктан, бий боюнча улуттук сынакка катышуу ийгиликке жетүүнън жалгыз мүмкүнчүлүгъ болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылдын 16-сентябрдан 21-сентябрга чейин Америка борборлорунда жана Борбор Азиядагы Америка университетинде да америкалык кинорежиссердун даректүү тасмасы тартууланып, жандуу талкуулар уюштурулду.

А.Алибеков «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер