«Амантай жана Айтуяк» аттуу кыргызча мультфильм тартылууда

  • 25.01.2024
  • 0

Кыргызстанда жакында балдарга арналган «Амантай жана Айтуяк» аталышындагы кыргызча мультфильм чыгат. Учурда анимациялык тасманы тартуу иштери уланып жатканын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тасмада Амантай менен асмандан түшкөн Айтуяк экөөнүн кызыктуу окуялары баяндалып, 7 сериядан турат. Жаратуучулардын айтымына караганда, башкы максат — кыргыз тилин өнүктүрүү.

Мультфильм «Кыргызфильм» киностудиясы жана «Карек балдар киносунун фонду» менен биргеликте тартылууда. Режиссёру — Айбек Дайырбеков, сценарийдин автору — Токтобек Үсөнов, башкы сүрөтчү — Кебек уулу Нурлан,  супервайзер — Канат Ногойбаев.

Эльвира КАКИЕВА

Бөлүшүү

Комментарийлер