АЛЫСКЫ КЫШТООЛОРДОГУ ОКУУЧУЛАР МЕКТЕПКЕ АТАЙЫН УНААЛАР МЕНЕН БАРЫШУУДА

  • 25.01.2018
  • 0

Нарын районунда айылдардан алыс кыштоолордо жайгашкан тургундардын жанан малчылардын балдарын окутуу жана шарт түзүү максатында үч унаа бөлүнгөн. Бул тууралуу Нарын районунун акиминин орун басары Роза Жумаева билдирди.

Маалым болгондой, Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы Алыш орто мектебине 5-6 чакырым аралыктан 16 окуучу, Кара-Кужур айыл аймагынын Лахол айылындагы К.Рысмендеев мектебине 12-28 чакырым аралыктан 122 бала, Казан-Куйган айыл аймагындагы Түгөл уулу Усупбек мектебине 22 чакырым аралыктан 13 окуучу БУС жана КАВЗ унаалары менен ташылууда.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер