“АЛТЫН КАЗЫК” НОУТБУГУ МУГАЛИМДЕРДИН ЖУМУШУН ЖЕҢИЛДЕТҮҮДӨ
- 04.02.2025
- 0
“Алтын Казык” брендинде чогултулган алгачкы ноутбуктар жакында эле Каракол шаарындагы STEM мугалимдерине 192 ноутбук тапшырылып, ал мектептерге бөлүштүрүлүп берилген. Мугалимдер Президентке, билим берүү жана илим министрине ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин тапшырмасынын негизинде STEM сабактары боюнча мугалимдерге “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктар салтанаттуу түрдө тапшырылып, Каракол шаарынын Абит Ахматов атындагы №4 гимназия-мектебинин 18 мугалими акысыз берилген ноутбуктардын ээлери болгон!
— Алган ноутбуктар мугалимдер үчүн чоң стимул болуп, жумушта бир топ жеңилдиктер болуп жатат. Мугалимдер ноутбуктар менен эң мыкты иш алып барып жатат! Бул кадам келечекте профессионалдык деңгээлди өстүрүүгө, жөндөмдүү, талантуу окуучуларды тарбиялоого жардам берет деп ишенебиз! – дешет сүйүнүчү койнуна батпаган мугалимдер.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер