«Алтын казык — доор өзгөрткөн билим»: АВГУСТ ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМУ
- 18.08.2025
- 0
Ош шаары бүтүндөй өлкөнүн көңүл борборуна айланды – бул жерде бүгүн Кыргызстандагы билим берүүнүн келечегин талкуулоо үчүн мугалимдер, мектеп директорлору, министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чогулду.Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги уюштурган «Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим» август педагогикалык форумуна 400дөн ашуун катышуучу келди.
Коноктордун арасында Азия өнүктүрүү банкы, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк банк жана Ага Хан фонду сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.

Программада өлкө жетекчилеринин катышуусундагы салтанаттуу ачылыш, ноутбуктарды символикалык түрдө тапшыруу аземи, STEM/STEAM инновацияларынын жана долбоорлорунун көргөзмөсү, санариптик платформаларды жана инклюзивдик тажрыйбаларды көрсөтүү каралган.
Панелдик талкууларда 12 жылдык билим берүүгө өтүү, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, жаңы окуу китептерин чыгаруу, кошумча билим берүүнүн ролу жана кесиптик лицейлерди жаңылоо сыяктуу эң маанилүү темалар талкууланат.
Секциялардагы жолугушууларда педагогдор, практиктер, билим берүү жаатындагы эксперттер жана жетекчилер тажрыйба алмашып, курч маселелерди чечүү жолдорун издешет.
Жаңы ыкмалар иш жүзүндө кантип киргизилип жатканын көрсөтүү үчүн Ош шаарындагы билим берүү уюмдарына экскурсиялар да уюштурулат.
Форум билим берүүнү өнүктүрүүдөгү андан аркы кадамдар үчүн багыт боло турган резолюцияны кабыл алуу менен жыйынтыкталат.

Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева форум башталар алдында ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип, жаңы билим берүү моделинин алкагында мугалимдерге эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы иштелип жатканын белгилеп, башка жаңылыктарга дагы токтоло кетти.
«Биз мугалимдерге теңдештирүү саясаты менен айлык төлөп келгенбиз. Азыр окуп жаткан баланын жетишкендигине жараша акы төлөө системасы киргизилет. Азыр иштелип жатат. Эмне үчүн? Бул мотивация. Мунун баардыгы санарип жана жасалма интеллектини пайдалануу менен биз ушул күндөрү көрсөттүк. Мугалимдер, райондук билим берүү башчылары өздөрү таң калып атат»,-деди министр.
Салттуу август форуму – жөн гана иш-чара эмес, бул – билим берүү системасын өзгөртүүчү идеялар жарала турган аянтча. Бул жерде ар бир бала үчүн кантип мектепти заманбап, жеткиликтүү жана кызыктуу кылуу керектигин, бул максат үчүн мамлекеттин, аймактардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн иш-аракетин кантип бириктирүү керектигин талкуулашат.
Бөлүшүү
Комментарийлер