“АЛТЫН КАЛЕМ” ЭЭСИН ТАПТЫ

  • 13.12.2021
  • 0

2021-жылдын 12-декабрында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун кызматкери, жазуучу, публицист Топчугүл Шайдуллаева “Алтын калем” сыйлыгын алды. 

“АЛТЫН КАЛЕМ” ЭЭСИН ТАПТЫ

Республикалык “Алтын калем” сыйлыгын тапшыруу аземи 12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана Улуттук адабият күнүнө карата өткөрүлүп келет. “Алтын калем” адабий сыйлыгы адабияттын поэзия, проза жана драматургия жанрлары боюнча ыйгарылат. Сынакты КР Жазуучулар Союзу жана КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурду.

“АЛТЫН КАЛЕМ” ЭЭСИН ТАПТЫ

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жалпы жамааты сыйлык ээсин чын жүрөктөн куттуктап,  республикалык деңгээлдеги сыйлыкта жеңүүчү болгон үчүн ага чың ден соолук, ишине ийгилик, бакубат жашоо жана чыгармачылык эргүү каалашты. Эженин калеминен жаралган чыгармалар калкыбыздын дилин тазартууга, жаратмандыкка жана жакшылыкка чакырат деген ишенимди билдиришти.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер