АЛТЫ АЙДА КЫРГЫЗЧА ҮЙРӨНГӨН АННА

  • 16.01.2024
  • 0

АКШ элчилигинин маалымат катчысы Анна Ерохина алты айда кыргыз тилинде эркин сүйлөөнү өздөштүргөн мыкты кызматкер. Анын аз убакытта мындай ийгиликке жетүүсүнө күнүмдүк практика жана кыргызча тасмаларды көргөндүгү, кыргызча маалыматтарды көп окугандыгы таасирин тийгизген.

АЛТЫ АЙДА КЫРГЫЗЧА ҮЙРӨНГӨН АННА

Анна Ерохинанын айтымында, кыргыз тилин өздөштүрүүсү жумушунун талабы да болгон, өзү да үйрөнүүгө каалоосу чоң болгон.  Анткени кыргызча сүйлөө менен кыргыз маданиятына, каада-салтына урмат-сый көрсөтүлөт деп түшүнөт. Кыргыздар менен өздөрүнүн эне тилинде сүйлөшө алуу маанилүү ролду ойнойт.  Өзү Москвада төрөлгөн. Апасы орус улутунан, атасы Чилиден.  Үч жашынан бери АКШда жашайт. Дипломаттык кызматты аркалаганына жети жыл болду. Буга чейин Доминикан Республикасында жана Пакистанда кызмат кылган. Кыргыз жерине келүүсүнүн бирден бир себеби – жаратылышка болгон чоң сүйүүсү.

  • Жолдошум экөөбүздүн Кыргызстанды тандообуздун себеби, тарыхка жана маданиятка кызыгып, жаратылышты жакшы көрөбүз. Ошондуктан тизмеден Кыргызстанды көргөндө эле биздин кызыгуубузга туура келген мыкты жер деп ойлодук. Учурда Кыргызстанда жолдошум жана мышыгым менен жашайм. Дипломаттык кызматымдагы эң жакшы көргөн нерсе — кыргыз тилин үйрөнүү жана Кыргызстанда жашоо.  АКШ элчилиги “Кыргыз тилде сүйлөөнүү модага айланталы” деген ураан менен социалдык тармактарда кыргыз тилиндеги постторду салып, видео тартууга басым жасайбыз. Мен тилчи эмесмин.  Бирок, менин оюмча, тилди өнүктүрүү – бул тилде окуу, угуу, ырахат алуу. Кыргыз тилиндеги ресурстар канчалык көп болсо, ал ошончолук өнүгөт. Ал эми АКШ элчилиги бул максатта өнөктөш болуп келе жатат, — дейт Анна Ерохина.

АЛТЫ АЙДА КЫРГЫЗЧА ҮЙРӨНГӨН АННА

Ал кыргыз тилин АКШда жүргөндө эле үйрөнө баштаган. Алты айлык жумушу кыргыз тилин үйрөнүүгө арналган. Башында жеке мугалими менен күнүнө төрт сааттан окуп турган. Бирок бул чет тилди үйрөнүү үчүн жетишсиз экенин түшүнүп, кошумча үч окутуучу менен катар иштешкен. Ошондо күн сайын эртеден кечке чейин кыргыз тилин окуу менен алек болгон. Ошентип алты айда кыргызча баарлашууну өздөштүрүп чыккан.

АЛТЫ АЙДА КЫРГЫЗЧА ҮЙРӨНГӨН АННА

Чет элдик жаран үчүн кыргыз тилин толук үйрөнүп кетүү кыйын болгондуктан, дагы да көп каталар менен сүйлөрүн айтат. Ошол себептен бүгүнкү күнү да тил үйрөнүүнү токтотпойт. Бир мугалим менен жумасына эки ирет сабагы бар. Атайын кыргыз тилиндеги жаңылыктарды окуп, кыргыз сериалдарын, тасмаларын көрөт. Мисалы, «Кошунаны тандабайт», «Бешбармак», «Ак кеме» сыяктуу тасмаларды көргөн.  Учурда «Акча» сериалын көрүүдө.

  • Мугалим менен тил үйрөнүп жаткан учурда ошол тилде сүйлөй турган эреже түзүп алуу жакшы жыйынтык берет.  Мисалы, мугалимим экөөбүз жалаң кыргызча сүйлөйбүз деген эрежени койгонбуз. Бул мен үчүн аябай кыйын болду, бирок өз алдымча изденип окуума түрткү берди. Мага жардам берген дагы бир ыкма — чет тилиндеги сериал же тасманы таап алып, ошол эле эпизодду жана тасманы бир нече жолу көрүү. Мен бул ыкманы көп жолу колдондум.  Бир сериал менен тасманы кеминде беш-алты жолу көрдүм. Анткени тасманы көргөн сайын жаңы сөздөрдү үйрөндүм, окуяны көбүрөөк түшүндүм, — дейт.

АЛТЫ АЙДА КЫРГЫЗЧА ҮЙРӨНГӨН АННА

Айтымында, кыргыз тилинен башка испан, араб тилдерин өздөштүргөн. Ал үчүн тил үйрөнүүдөгү эң чоң кыйынчылык – бул сүйлөө. «Балким, ката кетирем” деген ой менен сүйлөгөндөн тартынчу. Бирок бул сезимдерге багынбай, дайыма практика кылуу менен тилди үйрөнсө болорун айтат.  Андыктан кесиптештери, достору менен дайыма кыргызча сүйлөшүүгө аракет кылат, катасын дароо оңдойт. Достору да колдоо көрсөтүп, грамматиканы көбүрөөк үйрөнүшү үчүн кыргыз тилинин иш дептерлерин белекке беришкен. Кээде кыргызча түшүнбөй калган учурларда жайыраак сүйлөөнү же айтылган сөздөрдүн синонимин айтууну суранат. Кыргызтандыктар боорукер калк болгондуктан, дайыма жардам берүүгө даяр экендигине ыраазы.

Жаратылышты сүйгөн маалымат катчынын бош убактысы Кыргызстандын  ажайып кооз жерлеринде эс алуу менен өтөт.  Бишкекке жакын Ала Арча, Аламедин сыяктуу тоолуу жерлерге, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ошко чейин барып келген. Максаты – жети облусту кыдыруу.

АЛТЫ АЙДА КЫРГЫЗЧА ҮЙРӨНГӨН АННА

  • Кыргыз Республикасы керемет жер.  Ар бир америкалык бул жерге конокко келиши керек деп ойлойм.  Менин бир нече америкалык досум мага конокко келишти, алар Кыргызстанды аябай жакшы көрүп калышты.  Байкаганым, кыргызстандыктар абдан ишкер, жаратман эл. Ишкана ачкан же чыгармачылык менен алектенген таланттуулар көп. Менде талант жок. Бирок менин жакшы көргөн нерсем – тамактануу.  Ошондуктан мен кыргыз тамактарын изилдеп, үйрөнгөндү жакшы көрөм. Боорсок жасаганды үйрөндүм.  Кымыз, манты, бешбармак, ашлянфу, каттама, плов сыяктуу көп кыргыз даамдарын жеп-ичип көрдүм.  Mага баары жакты, — дейт.

Анна Ерохинанын айтымында, ийгиликтүү дипломат болушуна жолдошунун колдоосу чоң.  Себеби үй-бүлөлүү айым үчүн ар бир 2-3 жылда бир өлкөдөн экинчи өлкөгө көчүү кыйын. Карьерасын жолдошу колдогондуктан, дипломат боло алды. Жолдошу да Кыргызстанды жакшы көрөт.  Кыргызча же орусча билбегендиктен, азык-түлүк сатып алуу сыяктуу күнүмдүк тапшырмалар ага кыйынга турат. Ал учурда жолдошуна өзү жардамга келет.  Учурда кыргызча күнүмдүк турмушта колдонулуучу сөздөрдү үйрөнүп жатат.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер