АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖЫЛДЫК ЖҮКТӨМДҮН КЫСКАРЫШЫ ЭМГЕК АКЫГА ТЕРС ТААСИРИН ТИЙГИЗБЕЙТ”

  • 05.04.2022
  • 0

2022-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде (мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, жалпы орто билим берүү уюмдарында, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик берүү уюмдарында) иштеген педагогдордун айлык акысы 80 пайызга, ал эми административдик-башкаруу кызматкерлеринин айлык акысы 50 пайызга, техникалык жана кенже тейлɵɵ кызматкерлеринин айлык акысы 80 пайызга жогорулатылды. 

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖЫЛДЫК ЖҮКТӨМДҮН КЫСКАРЫШЫ ЭМГЕК АКЫГА ТЕРС ТААСИРИН ТИЙГИЗБЕЙТ”

 

Өлкө жетекчилигинин колдоосу менен педагогдордун эмгегине акы төлөө шарттарына өзгөртүүлөрдү киргиздик: мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдорунун эмгек акысын сааттык негизде төлөө шарттарынан баш тартып, ставка боюнча төлөөгө өттүк. Педагогдордун эмгек акысын эсептөөнүн бул модели боюнча жогорку класстардын мугалимдери үчүн 1 ставка 18 саатты, ал эми башталгыч класстардын мугалимдери үчүн 1 ставка – 16 саатты түзөт. Окуу жүктөмүнүн эң чоң көлөмү 27 саатты же 1,5 ставканы түзөт. Бул – айлык акынын көлөмү эми туруктуу болот дегендик.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖЫЛДЫК ЖҮКТӨМДҮН КЫСКАРЫШЫ ЭМГЕК АКЫГА ТЕРС ТААСИРИН ТИЙГИЗБЕЙТ”

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖЫЛДЫК ЖҮКТӨМДҮН КЫСКАРЫШЫ ЭМГЕК АКЫГА ТЕРС ТААСИРИН ТИЙГИЗБЕЙТ”

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖЫЛДЫК ЖҮКТӨМДҮН КЫСКАРЫШЫ ЭМГЕК АКЫГА ТЕРС ТААСИРИН ТИЙГИЗБЕЙТ”

Андан тышкары министрлик билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо максатында 136 өлкөнүн моделин изилдеп, алгылыктуу моделди Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү уюмдарынын жогорку класстарына киргизүүнү мерчемдеп жатат. Окуучулардын жылдык жүктөмүнүн кыскарышы мугалимдердин айлык акысына эч кандай терс таасирин тийгизбейт.

(Министрдин ФБ баракчасынан алынды)

Бөлүшүү

Комментарийлер